Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуКочкор району 22.09.2019 21:46 На русском

Дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы Ислам Кочкор районунан табылды

Ислам Айтымбетов
Ислам Айтымбетов

Turmush -  Дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы Ислам Айтымбетов Нарын облусунун Кочкор районунан табылды. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти.

Алардын айтымында, ал Кочкор районунда жашаган чоӊ ата, чоӊ энесиникине кетип калган.

«Ислам буга чейин дагы үйдөн бир нече жолу качып кеткен болчу. Мындай көрүнүш көнүмүш адатка айланды. Апасы Түркияда иштейт», - дешти туугандары.

Буга чейин Чүйдөгү Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2007-жылы туулган Айтымбетов Ислам Орозбекович изделип жаткандыгы18-сентябрда маалымдалган.

ОИИБдин билдирүүсү боюнча, Ислам Айтымбетов 15-сентябрда саат 17:30 чамасында Ивановка айылындагы Панфилов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×