Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 21.09.2019 21:26

Ошто дарыянын жээгинен эркек адамдын жансыз денеси табылды

город ош
город ош

Turmush -  Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинен адамдын жансыз денеси табылды. Бул маалыматты ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, азырынча маркумдун өздүгү тактала элек.

«20-сентябрда саат 17:30 чамасында Ак-Буура дарыясынын жээгинде эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы боюнча кабар түшкөн. Аталган дарекке ыкчам тергөө тобу барып, сырттан кароо жүргүзгөндө денесинде жараат жок экендигин аныкталган. Учурда өздүгүн аныктоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат», - деп билдиришти ШИИБден.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×