Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 20.09.2019 17:28 На русском

Нарын районунда дүйнөдөгү эң баалуу алтын тамырды казышкан

Turmush -  Нарын районунун Эки-Нарын айылында мыйзамсыз алтын тамыр казган жарандар кармалды. Бул маалыматты аймактык кабарчыга Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондору жана Нарын шаары боюнча аймактык башкармалыгынан тастыкташты.

Маалым болгондой, кечээ, 20-сентябрь күнү Нарын РИИБдин берген атайын билдирүүсүнүн негизинде Кең-Саз участкасынан алтын тамыр казган жарандар кармалган.

«Кечээ биздин жетекчиликке Нарын РИИБ тарабынан 18-сентябрь күнү Эки-Нарындан 15 мүшөк, 700 килограмм салмактагы алтын тамыр казып келе жаткан жарандар кармалганы тууралуу билдирүү түшкөн. 19-сентябрда тергөөчү менен биргеликте Нарын районунун Эки-Нарындагы алтын тамыр алып жаткан үйгө барган учурда сарайдан 4 мүшөк алтын тамыр чыкты. Аны милиция кызматкерлери акт түзүп алып кетишти.

Ушул эле күнү биздин кызматкерлер тарабынан рейд учурунда Эки-Нарындын Кең-Саз участкасынан дагы жарандар кармалды. «Ауди» үлгүсүндөгү унаа токтоп, ага алтын тамыр жүктөлүп жаткан экен. Ошол жерден эле акт түзүп, алып келдик. Бүгүнкү күндө унаа биздин короодогу сарайда токтоп турат. Жалпысынан 5 мүшөк алтын тамыр рейд учурунда алынды.

Алтын тамыр чогултуп жаткандар Эки-Нарын айылынын эле тургундары болушкан. Алтын тамырдан дары жасалгандыктан чогултуп, фирмаларга сатышат экен. Канчадан сатканын биле албай жатабыз. Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Андан кийин айып пул салынат», - деди аталган башкармалыктагы улук инспектор Эсенгелди Жыргалбаев.

Анын айтымында, бул аймакта алтын тамыр көп. 2000-3000 метр бийикте өсөт.

«Алтын тамыр Россияда кызыл китепке киргизилген, бизде азырынча кире элек», - деди Эсенгелди Жыргалбаев.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондору жана Нарын шаары боюнча аймактык башкармалыгынын Нарын районундагы улук инспектору Рудбек Абдраев алтын тамыр казып жаткандар жаратылышка зыян келтиргенин белгиледи.

«Алтын тамыр бийик тоолуу аймактарда чанда өсөт. Алтын тамыр казылып алынган жерлер деградация болуп, жер бузулат. Мисалы, бир алтын тамырды алуу үчүн жок дегенде 0,5 чарчы метр жерди казыш керек. Кармалган жарандар болжол менен 2,5 гектар жерди бузду десек болот.

Кечээ биздин кызматкерлер барган учурда аларды шылдыңдап, видеого чейин тартып жиберишиптир. Алтын тамыр 2010-жылы эле Кызыл китепке кириши керек болчу. Бул алтын тамыр дүйнөдө кымбат бааланат», - деди Р.Абдраев.

Алтын тамыр бийик тоолуу аймактарда өсүп, чачылап сабак алат. Августтун аяк ченинде бышып калат. Тамыры күрөң түстө жана жыттуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×