Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 20.09.2019 14:47

Тоголок Молдо айылындагы мектеп 11,7 млн сомго оңдоодон өткөрүлүүдө

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби 11 млн 660 миң сомго оңдоодон өткөрүлүп жаткандыгын мектеп директору Ажаркүл Тиленбаева аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, капиталдык салымдардын эсебинен аталган мектепти оңдоого 11 млн 660 миң сом каралган. Учурда 1-транш аркылуу бөлүнгөн 3 млн сомдун жумуштары аткарылган. Калган каражат толук бөлүнө элек болгондуктан оңдоо иштери токтоп турат.

«11 млн 660 миң сом каралган. Бул каражатка мектептин терезелери жаңыртылып, үстү чатырланат. Андан сырткары электр жабдуулары алмашылып, ички дааратканасына жана класстык бөлмөлөргө таза суу толук жеткирилет. Ошондой эле залдарга кафель чапталат. Учурда 1-транш аркылуу 3 млн сом бөлүнүп, ага 89 терезеси алмаштырылып, залга кафель чапталган. Калган иштер каражат бөлүнө элек болгондуктан токтоп турат», - деди А.Тиленбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×