Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 20.09.2019 13:13 На русском

Видео — Түнкү клубдун алдында мушташкан кыздар

Turmush -  Социалдык тармактарга Ош шаарындагы түнкү клубдун алдында мушташкан кыздардын видеосу тарап, милиция териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Видеодон кыздардын чачташып жатканын көрүүгө болот. Кыздардын жаңжалына жоголгон «Айфон» себеп болгону видеодо айтылат.

Ош ШИИБдин маалыматына караганда, аталган окуя боюнча эч ким милицияга арыз менен кайрылган эмес. Учурда видео боюнча аймактык тескөөчүлөр териштирүү иштерин башташкан. Окуя качан, канчада болгону азырынча белгисиз.

Социалдык тармактарга жарыяланган видео. Эскертүү! Видеодо адепсиз сөздөр айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×