Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.09.2019 08:54

Ак-Суудагы жаңы мектептин курулушу башталбай жатып токтоп калган

Turmush -  Ак-Суу районуна караштуу Совет айылында 3 жылдан бери жаңы мектептин курулушу бүтпөй келет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кызыл-Кыя атындагы жалпы орто билим берүү мектеби тар болгонуна байланыштуу 150 орундуу жаңы мектеп куруу боюнча долбоор жазылган. Ага республикалык казынадан 56 млн сом бөлүнүп, тендер жарыяланган. Андан «Долтолет» ЖЧКсы 47 млн сом утуп алып, 2015-жылы курулуш иштерин баштаган. Бирок мектептин пайдубалы куюлгандан кийин курулуш иштери токтоп калган.

Кызыл-Кыя жалпы орто билим берүү мектеби башталгыч мектеп катары 1923-жылы негизделген. Кийин 1988-жылы 9 жылдык мектеп болгон. 1991-жылдан бери толук эмес орто мектеп, 2006-жылдан баштап орто мектеп болгон. Мектеп эки имараттан турат. №1 имарат 1970-жылы, №2 имарат 1988-жылы курулган.

Учурда мектепте 207 окуучу билим алып, 23 мугалим эмгектенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×