Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 20.09.2019 08:39

Ысык-Көлдүн жээгинде чет өлкөлүк дарыгерлер тургундарды акысыз көрүштү

Turmush -  Чолпон-Ата шаарына чет өлкөлүк остеопат дарыгерлер келишип, жергиликтүү тургундарды акысыз текшеришти, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Ысык-Көл районунда дарыгерлердин жолугушуусу өтүп, ага Россия, Казакстан, Швейцариядан адистер келишкен. Андан соң Ысык-Көл райондук аялдар кеңешинин өтүнүчү менен дарыгерлер жергиликтүү тургундарды акысыз кароодон өткөрүштү.

Адистер бир күндүн ичинде 200гө жакын тургунду көрүп, дары-дармектерди беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×