Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 20.09.2019 08:22 Жаңыланды: 20.09.2019 15:42 На русском

«Апа, мен өлүп калбаймынбы?»: Өмүр үчүн күрөшкөн Дастандын жүрөктү тилген окуясы

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын 65 жаштагы тургуну Света Абдраимова 23 жашында каза болгон уулу Дастан Курманбеков тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ал 5 баланын энеси. Эки уул, эки кыздан кийин Дастан 1995-жылдын 10-февралында төрөлгөн.

«Дастан 2013-жылы 11-классты бүтүргөн. Өзү арык чырай, тың окуучу болду. Мектепте жакшы окуп, жыл сайын мактоо баракча, ардак грамоталарды алып келчү. Баламдын арты менен мен дагы кадыр-барктуу болуп, ал 11-классты бүткүчө ата-энелер комитетинин төрайымы болдум. Эжеси Асел экөө аябай жакын сырдаш болуп чоңоюшту. Эжеси студент болгонго чейин өзү карап бакты. Дастан 2013-жылдын июль айында тест тапшырып, экөөбүз документтерди алып, Бишкекке бардык. Биз Дастанды юрист болсо дечүбүз. Өзү документин И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырып, аны 2017-жылы аяктады. Дипломду өз күчү менен жактап, ийгиликтүү бүтүрдү. Окуусун аяктаган соң: «Айылга келип, эс алып кет. Андан кийин деле иштейсиң» десем, ал: «Апа, жумуш издейм, резюме таштайм» деп болбой койду.

Окуусун аяктар мезгилде телефон чалып, «Апа, мени Москвага магистратурага 2 жылдык окууга жиберип жатышат. Мен азыр шартым жок деп сиздин номуруңузду мугалимге берген жокмун» деди. Анткени 2017-жылдын 7-февралында эң улуу агасы каза болгон эле. Ошого карап, шарты жок экенин айтып, мугалимге өзү жооп берип коюптур. Ошентип изденип жүрүп, жумушка орношту. Жумушка жаңы киргенде: «Мага азыр акчасы маанилүү эмес, мен адегенде тажрыйба топтошум керек» дечү.

Анын жетекчиси Феликс Владимирович: «4 ай иштесе дагы 4 жыл иштешкендей болдук. Ушундай тың, акылдуу жигит. Мен Дастанга ишенип, Италияга иш сапар менен кеткенде тапшырма берсем долбоорлорду аягына чыгарып, даярдап коюптур. Дастан жасаган долбоор аркылуу чет элдиктер менен келишим түзүп, иштей баштадык. Аз убакытта эле чоң жетишкендиктерге жеттик» деп аябай ыраазы болгон», - деди ал.

Ошондой эле Света Абдраимова уулу 11 ай онкологиялык оору менен күрөшкөнүн айтат.

«Дастан 2017-жылдын 7-8-октябрь күндөрү сасык тумоо болуп калдым окшойт деп телефон чалды. Иш бөлмөсүндө желдеткич бар эле, ошого суукка урунду го дедим. Анын аркалары ооругандыктан жетекчиси рентгенге түш деп жумуштан уруксат берип, ооруканага жибериптир. 8-октябрда эртең менен телефон чалып: «Жөтөлүм күчөп жатат, кургак учук болгон окшойм» деди. Ал курсташы кургак учук болуп ооруп, дарыланып жүргөнүн, экөө дайыма чогуу жүрүшкөнүн айтты. 9-октябрда жеке ооруканага көрүнүп, анализ үчүн кан тапшырыптыр. Ал жерден дагы рентгенге түшүптүр. Жыйынтыгы чыкканда онкологиялык ооруканага консультацияга баруу керектиги боюнча жазылганын окуп, эжеси экөө ишенбей, кайра дарыгерге киришкен экен. Дарыгер дагы тастыктап, томографияга түшүүнү сунуштаган. Жыйынтыгы эртеси чыгарын айтышыптыр. Бизге көптөн кийин чалып, онкологиялык ооруга шектенип, консультацияга жиберип жатышканын айтышты. Укканыбызга ишенбей, түнү менен шаарга жетип бардык. Дастан бизге билгизбей, күлүп тосуп алды.

Эртеси онкологиялык ооруканага бардык, дароо эле операция жасайбыз деп даярдап киришти. Ошондо дагы Дастан эч нерсе билгизбей, жанымда жүрдү. Ошентип 18-октябрда операцияга кирди. Кан токтобой, профессор Бейшембаев Мукаш Итикулович кирип, канын токтотуп, операцияны бүтүрүп чыкты. Дастан кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандан кийин профессор Мукаш Итигулович мени чакырып: «Балаңыз жаш экен, шишиктин негизги бөлүгү алынды. Буюрса жакшы болот. Операция үчүн 500 доллар бересиз» деди. Мен жакшы болгонун укканда сүйүнүп, акчасын колуна бердим. Анализи 1 жумада чыгарын айтты. Ошентип палатага которулганда кызым экөөбүз күнү-түнү жанында болуп жаттык.

8 күн болсо дагы анализи чыкпай жатты. Дарыгерлер анализди Москвага же Казакстанга жиберүү керектигин айтышканда 40 миң сом таап, учак менен кетирдик. Жыйынтыгы 20 күндөн кийин чыгып келди. Анда Дастанга Юинг саркомасы, залалдуу шишик (злокачественный опухоль саркома Юинга) деген диагноз коюлуптур. Бизди дарылайт деп илимдин кандидаты Алмазбек Алтынбаевге өткөрүп беришти. Дарыгерлер консилиум өткөрүшүп, Дастан 55 миң сомго биринчи химия терапиясын ала баштады. Уулум оорудан абдан кыйналды. Жалпы 7 жолу химия терапия алдык. Болгон каражатыбызды жумшадык. Аягында 20 жолу нур терапия алды. 10 күн алганда аябай кыйналды. Аны токтотолу десек, чыдап дагы 10 жолу алды.

Экөөбүз 11 ай бирге болдук. Күн сайын кудайдан өмүрүн тиленип жаттым. Балам ушинтип ооруп калат деп ким ойлоптур. Үйлөнүп, үй-бүлө күтөрдө ооруп, эмгектери, окуусу, кылган аракеттери текке кетти. Ооруп жатканда: «Апа, мен өлүп калбаймынбы?» деп сураса жүрөгүм ооруп, ага көрсөтпөй ыйлап алчумун. Бирок анын айыгып кетишине үмүтүбүз чоң эле. Анткени организм жаш болгондуктан ооруну жеңет деп ойлодук. Ошондогу өзүнүн жашоого болгон үмүтү бар көз караштары эч эсимден кетпейт.

2018-жылдын 3-сентябрында саат 13:30 чамасында онкологиялык оорукананын короосунан үзүлдү. Артында туяк калбай, 24 жашка караганда бул дүйнө менен кош айтышты. Толук анализи чыгып келгиче эле өтүп кетти. Химия терапия эч кандай жардам берген жок. 11 ай оору менен күрөшүп, абдан кыйналдык. Сүйлөшкөн кызы бар эле.

Кеткенине жыл айланды, ар бир сөзү, көздөрү, күлгөнү, кыймыл аракети ушул күнгө чейин көз алдымда турат. Классташтары келип эстелигин коюшуп, куран окутуп кетишти», - деди Дастандын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×