Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусу, Талас 19.09.2019 17:47

Улуттук көчмөндөр оюндары: У.Бусурманкулов Чүйдүн атынан касапчылык кылууда

Turmush -  Улан Бусурманкулов Бишкек шаарынын Свердлов райондук мамлекеттик администрациясынын спорт бөлүмүндө эмгектенет. Ал Талас облусундагы Улуттук көчмөндөр оюндарына Чүй облусунун атынан касапчылык милдетти аркалаганы барды.

«1989-жылы Кара-Кужур өрөөнүнө барып, курулуш боюнча өндүрүштүк практикадан өткөнбүз. Ал жерден чабандардын сарайларынын курулуштарына катышканбыз. Ошондо кой сойгонду үйрөтүшкөн. Андан кийин жылкы сойгонду үйрөнгөнбүз. Мал союу — ата-бабаларыбыздан калган салт. Ар бир устукандын орду бар. Негизи касапчылык атамдан, чоң атамдан калган өнөр. Мен да кызыгып улантып келе жатам. Хоббим десем болот», - деди ал.

У.Бусурманкулов 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×