Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 19.09.2019 17:39

«Ош электр» ААКтын жетекчилиги алмашты

Turmush -  «Ош электр» ачык акционердик коомунун жетекчилиги алмашты. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 18-сентябрь күнү «Ош электр» ААКтынн жетекчиси болуп Артур Жусуев дайындалып, эмгек жамаатка тааныштырылган.

«Директордун техникалык маселелер боюнча орун басары болуп Нурлан Раимберди уулу, коммерциялык маселелер боюнча орун басары болуп Улан Мамасадыков, экономика жана финансы маселелери боюнча орун басары болуп Медет Жумаев дайындалган», - деди компаниянын басма сөз катчысы Талгат Алиханов.

Аталган компанияны Дыйканбай Даминов 2013-жылдан бери жетектеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×