Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 19.09.2019 19:56

200 жыл сакталган соку, сок билек жана жаргылчак. Видео

Turmush -  Байыркы ата-бабалар үй тиричилигине эң керектүү буюм катары соку, сок билегин жана жаргылчакты пайдаланып келишкен. Алар менен күндөлүк жашоо турмушта тамак-ашка керектүү азык-түлүктөр даярдалган. Бүгүнкү тапта муундан-муунга мурасталып, ушул буюмдардын 200 жылдан бери сакталып келе жатканы кездешүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Панфилов жана Москва райондорунан тургундар билдиришкен.

Алардын айтымында, коомдун илимий-техникалык прогрессинин өнүгүүсү менен жаңы коомдук көз караштар, табылгалар жаралып турат. Ошондон улам жаңы терминдер пайда болуп, аларга коомдо пайдаланбаган эски сөздөр өз ордун бошотуп барат. Мындай көрүнүш мыйзам ченемдүү аксиомалар менен далилденет. Тактап айтканда, байыркылар күн сайын колдонгон боз үй, кереге, көөрүк, тулга, үкөк, ээр, очок, тандыр, соку, сок билек, жаргылчак жана башка жүздөгөн сөздөр колдонулбайт. Айрымдары кандайдыр бир жагдайда гана пайдаланбаса, дээрлиги учур жашоосунан четтетилген. Анткени, ааламдашуу заманындагы интернет айдыңында жаңы түшүнүктөр жыштыгы тыгыздалып, акыл-эс туюмдун аң-сезимдүү кабылдоо ылдамдыгын тездетүүдө. Бирок, басып өткөн жол, үрп-адат, каада-салт, этномаданий баалуулуктар, жашоодогу керектүү буюмдар элдин тарыхын, келкелдеги тагдырын күнү бүгүнкүдөй кылымдар катмарынан үн катат. Ошолордун эң негизгилеринин бири катары соку, сок билеги жана жаргылчакты белгилешет.

Соку жана сок билек жөнүндө Панфилов районунун тургундары Болду Өмүралиева менен Канышай Канназарова төмөндөгүдөй пикирлерин айтат.

«Соку жана сок билек элибиздин тээ байыркы буюмдарынын бири. Ата-бабаларыбыз үй тиричилигинде эң керектүү буюм катары эсептеген. Аны менен кылкандуу дан өсүмдүгү болгон арпанын жана буудайдын кабыгы данынан ажыратылган. Сокуга ошол дан азыктарын салып, сок билеги менен күйшөгөн. Ошондо таза дан ажыратылып, аны шамалдын согушуна каршы сапырган. Бул соку жана сок билек 200 жылдан бери сакталып келиптир. Ал арчадан жасалып, ышка ышталып, малдын ич майына сугарылса керек. Ошондо кылымдар бою сапатын бузбай сакталып турарын билебиз. Бул ата-бабалардан калган таберикти жаш муундардын эсине сала жүрүү улуу муундардын вазийпасы», - дешти алар.

Ал эми Москва районунун Предтеченка айылынын 70 жаштагы тургуну Калбүбү Ажыканова жаргылчактын жашоодогу орду жөнүндө мындай дейт: «Жаргылчак — кичинекей кол тегирмен. Аны атайын усталар ыңгайлуу таштан чегип жасашкан. Сокудан тазаланган дан азыктары казанга куурулуп, айрым учурда куурулбай жаргылчактын үстүңкү бөлүгүндөгү тешикке салынган. Андан соң орнотулган жыгач менен таштын үстүңкү бөлүгү кол менен айландырылган. Ошондо арпа, буудай, таруу, жүгөрү жана башкалар майдаланып жанчылган. Ун сымал болгондо аны тамак-ашка кошушкан. Өзгөчө, куурулган дандан алынган азык таттуу болгон. Көбүнчө аялдар бул жумуштарды аткарышкпан экен. Учурда колдонулбайт. Бирок, мен мурас катары сактап жүрөм».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×