Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуНоокат району 19.09.2019 16:40

Кошунасына ачууланган Сатар анын уйларын ырайымсыз «жазалады». Окуянын чоо-жайы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат райондук сотунда Жоруктар жөнүндө кодексинин 132-беренесинин (Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоо) негизинде айыпталган Сатардын (аты өзгөртүлдү, М.С.) кылмыш иши каралды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Сатар Ноокат районунун 1975-жылы туулган тургуну, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес. Ал ушул жылдын 11-июль күнү болжол менен саат 19:00 чамасында үйүнүн короосунда кошунасынын 2 уюнун куйругун кесип, бычак менен ичин тилген.

Сот отурумунда Сатар күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, окуя болгон күнү кошунасынын уйлары анын чарбагына кирип, эгин, бак-дарагын талкалагандыктан жинденип, уйлардын куйругун кесип, ичин тилгенин билдирген. Анын айтымында, кошунасынын уйлары буга чейин чарбагына бир нече ирет кирген. Бирок кылган ишине өкүнүп, 2-топтогу майып экенин кошумчалап, соттон жеңил жаза берүүнү суранды.

Сот отурмунда Сатардын кошунасы — жабырлануучу Алымкул (аты өзгөртүлдү, М.А.) базардан 3 уй сатып алганын, окуя болгон күнү 2 баш уюн сугарып, аларды эшигинин алдына бошотуп жибергенде айыпталуучунун короосуна кирип кеткенин айтты. Сатар уйларды кармап алып, алардын куйругун кесип, өрттөп жиберген.

Күбө катары суралган Алымкулдун бир тууган эжеси окуя болгон күнү иниси 2 баш уюн кайтарып келгенден кийин короосуна бошотуп жибергенин, андан кийин уйларын таппай калганын билдирди. Анын айтымында, уйлар ошол күнү кечинде короого өздөрү куйруктары кесилип, ичи тилинген абалда келген. Бул ишти ким жасаганын билбей, милицияга кайрылышкан. Милиция кызматкерлери ырайымсыз мамиле Сатардын короосунда жасалганын аныкташкан.

Жыйынтыгында Сатар Ноокат райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылып, 30 миң сом айып пулга жыгылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×