Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 19.09.2019 13:37 Жаңыланды: 19.09.2019 18:57

Эгиздер: Боюмдан алдырууга барганда эгиз экенин билдим, - Мадина менен Мединанын апасы

Turmush -  Токтогул шаарынын тургуну Астра Эсеналиева Мадина жана Медина аттуу эгиз кыздары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, эгиздер 2006-жылы төрөлүшкөн.

«Экөөнүн аралыгы 8 мүнөт, Мадина 2 кг 318 грамм, Медина 2 кг 18 грамм салмакта төрөлгөн. 4 кыз, 2 уулум бар. Эгиздердин аттарын өзүм койгом. Боюмда бар экенинде эле Мадина оң жагында, Медина сол жагында жатканын сезчүмүн. Себеби, Мадина тынбай кыймылдай берчү, Медина болсо кээде гана кыймылдачу. Төрөлгөндөн кийин Медина көп ыйлабай, жоош болуп чоңойду.

Кош бойлуу экенимди билгенде боюмдан алдырууну ойлодум. УЗИге барсам, дарыгер эгиз экенин айтты. Аны уккандан кийин эле оюмду өзгөрттүм. Кыздарым 8 айлык болуп төрөлүштү. Патология бөлүмүндө 2 жума жаттык, бир эле дары ошол кезде 400 сом эле. Экөөнө Алмата шаарынан буйрутма менен алдырып жаттык. Бул бөлүмдө оор абалдагы ымыркайларды көрүп, кыздарымды алып калышабы деп коркком. Дарылануудан баш тартып, үйгө чыгып келгенбиз. Үч ай өткөндөн кийин дарыгерлер текшерип келишип, торолуп калганын көргөндө сүйүнүп кетишкен. Үч айга чейин эмчек эмизбей, түтүкчө менен сүт берип бактым. Кыздарым 4 айында гана эмчек эме башташты», - дейт А.Эсеналиева.

Анын айтымында, эгиз кыздардын мүнөзү эки башка.

«Мадина ырга, бийге шыктуу, сабакты дагы жакшы окуйт. Адамдар менен тил табышып кетет. Кыялы чукул, тез жини келет, тез жазылат, тамашаны дагы жакшы көрөт, сөз көтөрүмдүү.

Медина жоош, боорукер. Сабактарын жакшы окуйт, сүрөттү жакшы тартат, ырга жана бийге көп кызыга бербейт. Кичинекейинде мен уктап жатканда баш жагыма отуруп алчу. Мен эртең менен ойгонгондо "эмне болду?" деп сурасам, "сизди өлүп калабы деп корко берем" деп айтчу. Түндө ойгонуп, менин жанымда отура берчү экен.

Экөө сырдашат, мага жана улуу эжесине айтпаган сырлары бар. Мадина Мединаны колдоп, ага дайыма болушуп турат», - дейт эгиздердин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×