Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 19.09.2019 11:49 На русском

«Миллион сом алып келдиңби?»: Депутат менен мушташкан жетекчинин ишинин чоо-жайы

элдияр жуманазаров, тениберди жолдошев
элдияр жуманазаров, тениберди жолдошев

Turmush -  Базар-Коргон райондук соту Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Теңирберди Жолдошев менен айылдык кеңештин депутаты Элдияр Жуманазаровдун ортосундагы жаңжал боюнча козголгон кылмыш иштин материалын карап чыкты.

Кылмыш иштин фигуранты — Жолдошев 1981-жылдын 1-январында Базар-Коргон районунун Акман айылында туулган. Жогорку билимдүү, 6 баланын атасы. Ага Жазык кодексинин 321-беренесинин 1-бөлүмү (Бийликтен аша чабуу) боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, ушул жылдын 8-апрелинде саат 10:00 чамасында ал Базар-Коргон айыл өкмөтүндөгү кызматтык бөлмөсүндө жергиликтүү кеңештин төрагасы Т.Т. менен сүйлөшүп жаткан. Ошол учурда анын бөлмөсүнө жергиликтүү кеңештин 4 депутатынан турган топ кирип келген, арасында Жуманазаров дагы болгон. Айыпталуучу ага бакырып, 1 млн сомду алып келдиңби деп сураган. Ошондой эле ал иш бөлмөдөн чыгып кетүүсүн талап кылып, аны жакалап, муунтуп, денесине жаракат келтирген. Анын кесепетинен Жуманазаров денесинен жеңил жаракат алган.

Соттук жыйында Жолдошев күнөөсүн мойнуна албай, 1-февралда айыл өкмөттүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалганын билдирди. Айылдык кеңештин эки депутатынан фонддун 7 гектар жери бирөөнүн менчигинде турганы жана ошол жерди тактап, кайрадан өкмөткө өткөрүп, ижара акысын мамлекетке берүү керектиги боюнча маалымат түшкөн.

Айыпталуучунун айтымында, Абдусахап аттуу жер пайдалануучунун документтери туура эмес толтурулуп, мыйзамсыз болуп калгандыгы аныкталган. Андан кийин Жуманазаров келип, өзүн айылдык кеңештин депутаты катары тааныштырып, Абдусахап аттуу жаран жер участогун келишимдин негизинде 240 миң сомго сатып алгандыгын жана Мамлекеттик каттоо кызматынан каттаганын билдирген. Жолдошев ага аталган келишим мыйзамсыз экенин айтканда Жуманазаров ага Жогорку Кеңештин депутаты А.А.нын телефон номурун берип, аны менен сүйлөшүүнү өтүнгөн.

Жолдошевдин айтымында, ал парламенттин депутаты менен сүйлөшкөндө аталган маселе боюнча көмөк көрсөтүү боюнча буйрук берилген. Анткени жер участогу жергиликтүү кеңештин депутатына тийиштүү болгон. Жолдошев иштин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн материалдарды прокуратурага өткөрө турганын айтканда Жогорку Кеңештин депутаты ага катуу сөз айткан.

Айыпталуучунун айтымында, ал Бишкек шаарында иш сапары менен жүргөн учурда ага айылдаштары телефон чалышып, аталган жер тилкесине тосмо орнотуп жатышканын билдиришкен.

Жолдошев айыл өкмөттүн кызматкерлери менен байланышып, жүргүзүлүп жаткан иштерди сүрөткө тартып, акт түзүүнү өтүнгөн. Жер боюнча иштин материалын райондук прокуратурага өткөрүп берген.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин ал интернет булактарынан Жуманазаров жергиликтүү телеканалдардын биринен Жолдошев андан 1 млн сом талап кылганы боюнча билдирүү таратканын билген. Ал баш тартканда, жергиликтүү кеңештин депутаты Жогорку Кеңештин депутаты А.А.га жардам сурап кайрылган. Аталган билдирүү боюнча Жолдошев сотко кайрылууну ойлогон. Бирок айыл тургундарынын чогулган көйгөйлөрүн чечүү менен алек болуп жүрүп, жетишпей калган.

Эртең менен Жолдошевдин иш бөлмөсүнө жергиликтүү кеңештин төрагасы кирип, эмне үчүн ал [айыл өкмөттүн башчысы] аппараттын кызматкерлерин иштен кетирип жатканын сураган. Ал түшүндүрүп жатканда төрт депутат кирип келген. Акыркы болуп Жуманазаров кирген. Алар саламдашып, Жолдошев Жуманазаровго кайрылып: «Сен миллион сомду алып келдиңби?» деп сураган. Ал эми депутат андан кайра «миллион алып келиш керек беле?» деп тактаган. Алар кайым айтыша кетип, Жолдошевдин айтымында, депутат аны жакалап баштаган.

Айыпталуучунун айтымында, ал өзүн коргоо үчүн ордунан туруп, депутатты түртүп жиберген жана андан чыгып кетүүнү талап кылган. Ошол учурда бөлмөдөгү депутаттар аларды арачалоого аракет кылышкан. Андан кийин аны бөлмөдөн алып чыгышкан. Юрист, каржы бөлүмдүн башчысы жана борбордук стадиондун директору Жолдошевге бетиндеги канды сүртүүгө жардам беришкен. Окуя болгондон кийин ал аталган факт боюнча акт түзөйүн деген, бирок депутаттар жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүнү өтүнүшкөн. Депутаттардын бири Жуманазаровду чакыртарын жана кечирим суроону сунуштаган. Бирок ал аны чакырган эмес. Бул окуяга байланыштуу анын кан басымы жогорулап, Т.Жолдошев аппараттык жыйын өткөрө алган эмес. Кийинки күнү ага прокуратурадан телефон чалышып, аны чакырышкан.

Сотто депутат Жуманазаров депутаттардын көзүнчө Жолдошев андан 1 млн сом талап кылганын жана ал жер участогун ал аркылуу кайра документтештире турганын айткан. Ал эгер талап кылына турган болсо миллион сомду алып келе турганын айткан. Бирок бул жолу ал айыл өкмөттүн башчысынын бөлмөсүнө башка маселе — айылдыктардын көйгөйлөрү боюнча келген. Жолдошев андан чыгып кетүүсүн талап кылган. Андан кийин жакалап баштаган.

Жуманазаровдун айтымында, аларды депутаттар арачалаган. Аталган факт боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасы жана депутаттар акт түзүшкөн. Кийинки күнү ал прокуратурага арыз менен кайрылган.

Иштин материалын карап чыгып, Базар-Коргон райондук соту 10-сентябрда Теңиберди Жолдошевди Жоруктар кодексинин 66-беренеси (Ден соолукка жеңил жараат келтирүү) боюнча күнөөлүү деп таап, ага 25 миң сом өлчөмдө айып салган.

Сот Жолдошев тарабынан кызматтык укуктарынан аша чабуу фактысын аныктаган эмес. Аталган чечимге Жалал-Абад облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрыла алышат.

Буга чейин Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Теңирберди Жолдошов менен айылдык кеңештин депутаты Элдияр Жуманазаровдун чырын милиция иликтеп жаткандыгы жана айыл өкмөт башчыга прокуратура тарабынан бийликтен аша чабуу беренеси боюнча иш козголуп, аны райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беришкендиги маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×