Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 19.09.2019 11:19

15 жаштагы Нурдананын жоголушуна телефон себеп болдубу?

Turmush -  Дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Нурдана Райымжанова табыла элек.

Анын апасы Миясархон Байбубаеванын айтымында, кызы Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылындагы М.Разаков атындагы мектеп-интернатынын 9-классынын окуучусу.

«Өзүм учурда Россияда эмгектенем. Кызым Райымжанова Нурдана Темирбаевна 2004-жылы Өзгөн районунун Дөң-Булак айылында туулган. 12-сентябрь күнү мектеп-интернаттан саат 16:00-17:00 чамасында чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып барган эмес», - дейт М.Байбубаева

Ош ОИИБден билдиришкендей, 15 жаштагы кыз жатак мектепте окугандыктан мектепте телефон колдонууга уруксат берилген эмес. Мындан улам бир тууган эжеси телефонун алып койсо, таарынып чыгып кеткен.

Өзгөчө белгилери: бою 150-155 см, чачы кара.

Кийген кийими: көк түстөгү футболка, көк түстөгү жинсы шым, ак түстөгү бут кийим.

Нурдананы көргөн-билгендер болсо 0554 545 271 (ата-энеси) телефон номуру же 102 кызматы аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×