Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 19.09.2019 10:54 На русском

Талаадагы ачуу кыйкырык: Айдар кошуна аялды баса калган жигиттердин окуясын айтып берди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунун 19 жаштагы тургуну Айдар Бекешов досу менен бирге жаш жигиттер тарабынан зордуктоо аракетине кабылган аялды куткарып калышкан.

Буга чейин маалым болгондой, ушул жылдын жай мезгилинде К.Ж. аттуу (орто жаштагы) аял кичи автобустан түшүп, Садовое айылына ээн талаа менен жөө бараткан. Анын жалгыз кетип бара жатканын мурда беш жолу соттолгон жигит көрүп, ошол замат аялга кол салган. Аял болушунча кыйкырып чаңырганда, ары жактан эки жигит чуркап келишкен.

Айдар Бекешов спортчу Орзубек Назаров менен

9

1994-жылы туулган С.Г. аялды бошотуп, өзү качып жөнөгөн. Анын артынан аталган эки жигит, андан кийин дагы эки тургун кубалап, төртөөлөп колго түшүрүшкөн. Андан кийин аны жергиликтүү тескөөчүгө өткөрүп беришкен.

Айдар Бекешовдун айтымында, аталган аялды зордуктоого аракет кылгандар экөө болгон.

«Бексултан Сатаров аттуу досум экөөбүз унаа менен жүргөнбүз. Анан Бексултандын үйүнө бардык. Ал күйүүчү майга акча алып чыкмак. Мен унаада калгам. Музыканы чоңойтуп угуп жаткам. Бексултан үйүнөн чыкканда, мен да сыртка чыктым. Ошол маалда талаадан ачуу кыйкырык угула баштады. Мен мындай үндү уккан эмесмин. Биз эч нерсени ойлобой, дароо жардамга чуркадык. Барсак, кошуна эжени эки бала зордуктоого аракет кылып жатышыптыр. Бизди көрүп дароо качып жөнөштү. Эже коркуп калыптыр. Аны жерден тургузуп, тигил экөөнү таппай калдык. Бирок болжолдоп артынан кууп жөнөдүк. Алар алыска узабаптыр. Ошентип бирөөсүн кармап, экинчисин кармай албай калдык. Ошол маалда бизге жардамга дагы эки жигит келди», - деди ал.

Айдар Бекешов төрт жылдан бери бокс менен машыгат. 2016-2017-жылдары өспүрүмдөр арасында республиканын чемпиону болгон.

«Кээ бирлер "колдорунда бычак болсо эмне кылат элеңер?" деп калышат. Биз анда деле адам өмүрүн сактап, жардам бермекпиз. Жакында эле болгон Бишкектеги окуяны алалы. Күндүз эле эки эркек кишини катуу сабап жатышса, элдер такыр жардам берген жок. Бул кайдыгерлик. Мен мисалы ал жерден жардамга бармакмын», - деди ал.

Айдар Бекешов 2000-жылы Аламүдүн районунда төрөлгөн.

«2016-жылы орто мектепти аяктап, Финансы техникумдан билим алгам. Учурда Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында 2-курста билим алуудамын. Келечекке максаттар көп. Спорт жана кесибим менен көп-көп ийгиликтерди багындыргым келет», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×