Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.09.2019 10:06

Алмасбек Жумакадыров «Чыгыш электр» ААКтын башкы директору болду

Turmush -  Алмасбек Жумакадыров «Чыгыш электр» ААКтын башкы директору болуп дайындалды.

Аталган компаниядан билдиришкендей, ААКтын директорлор кеңеши менен башкы дирекциянын мурунку курамынын келишими аяктаган. Буга байланыштуу директорлор кеңешинин чечими менен А.Жумакадыров башкы директор болуп дайындалды. Тиешелүү чечим 18-сентябрда кабыл алынды.

Анын орун басарлары болуп:

- башкы директордун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары болуп Түмөнбаев Мирбек Рахимович;

- башкы директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары болуп Сапаров Улан Бектурович;

- башкы директордун финансы маселелери боюнча орун басары болуп Азыгалиев Нурбек дайындалды.

Жаңы жетекчилерди жамаатка директорлор кеңешинин төрагасы Эркин Сүйөркулов тааныштырды. 2018-жылдын май айынан ушул күнгө чейин Максат Чыныбеков башкы директор болуп иштеп келген.

Аты-жөнү: Жумакадыров Алмасбек Маамытович

Туулган жылы: 1974-жылдын 22-августу

Туулган жери: Нарын облусунун Нарын шаары

Билими:

- 1997-жылы Бишкек политехникалык техникумун аяктаган.

- 2007-жылы Кыргыз улуттук университетин электр станциялар жана подстанциялар адистиги боюнча сырттан окуп бүтүргөн.

Мамлекеттик сыйлыктары: «Кыргызстандын энергетикасынын отличниги», «Нарын шаарынын ардактуу атуулу», «Нарын облусунун ардактуу атуулу».

2004-жылдан 2012-жылга чейин эки жолу Нарын шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Эмгек жолу тууралуу толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×