Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 18.09.2019 19:28 На русском

Тажикстандын жарандары кыргыз-тажик чек арасындагы курулуш иштерин токтотту

Мамлекеттик кыргыз-тажик чек арасынын аймагы
Мамлекеттик кыргыз-тажик чек арасынын аймагы

Turmush -  Тажикстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы такталбаган аймакта курулуш иштерин токтотту, деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Лейлек районунун Максат айылындагы футбол талаасынын аймагындагы курулуш иштери 16-сентябрда токтотулган. Бүгүн, 18-сентябрда Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) айылындагы курулуш иштери токтотулду.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Аймакта бардык өткөрмө пункттар штаттык режимде иштеп жатат. Ошондой эле «Кулунду—унаа жолу» өткөрмө пунктунда Тажикстан тарап Кыргызстан менен Тажикстандык жарандарын өткөрүп баштады.

«Ошондой эле Кыргызстандын Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Кыргызстан жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү улантууда», - деп айтылат билдирүүдө.

-------------

16-сентябрь күнү кечинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал курчуп, Лейлек районунун Максат айылындагы футбол талаасындагы аймакта саат 19:00-19:40 чамасында ок атылган.

Окуянын толук хронологиясы бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

17.09.2019Баткендеги чек арада ок атышуу: Жаракат алгандардын тизмеси
17.09.2019Баткендеги ок атышуу: Чек арадагы окуялардын башталышы жана абалдын курчушунун чоо-жайы. Видео
17.09.2019Баткендеги чек арада ок атышуу: Кечээ Кулундудагы аялдар менен жаш балдар башка айылдарга көчүрүлдү
17.09.2019Видео — Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы ок атышуулардын кесепеттери
17.09.2019Чек арадагы ок атышуу: Максат айылынын тургундары окуянын чоо-жайын айтып беришти. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×