Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.09.2019 18:24 На русском

Жалал-Абадда жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 2 адамды унаа сүзүп кетти (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында «Портер» үлгүсүндөгү унаа 2 адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу маалыматты облустук ЖККК бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсык 17-сентябрда саат 16:00 чамасында борбордук Ленин көчөсүндө катталган.

«Өзгөн районунун 23 жаштагы тургуну «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 2 адамды сүзүп кеткен. Жабыркаган адамдар ооруканага жеткирилген. Ал эми унаа айып короого токтотулган. Учурда бул ишти ШИИБ териштирип жатат», - деди ЖККК бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев.

Кийинчерээк маалым болгондой, жабыркаган эки адам облустук клиникалык ооруканадан медициналык жардам алып, чыгып кетишкен.

Жалал-Абад облусунда ушул жылдын 6 айында өспүрүмдөрдүн катышуусунда 57 жол кырсыгы катталып, андан 4 бала каза болсо, 59 өспүрүм түрдүү жаракат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×