Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Талас облусу, Талас 19.09.2019 21:00

Айыл турмушу: Таластык Б.Оморов этностилдеги 45000 сомдук тапчандарды жасап жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 32 жаштагы тургуну Бектур Оморов 5 жылдын ичинде устачылык менен алектенип, учурда этностилдеги тапчандарды жасап жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 2014-жылдан бери устачылыкты аркалап жатат.

«Эң биринчи сыртта курулушта иштеп жүрдүм. Кийин устачылык менен алектенүү идеясы пайда болду. Өзүм устачылыкты Жанарбек деген баладан үйрөнгөм. Экөөбүз мурдатан тааныш болчубуз. Азыр экөөбүз чогуу иштейбиз. Чогуу ар кандай тапчандарды жасайбыз.

Эң биринчи 4 тапчан жасаганбыз. Буларга керектелүүчү материалдарды буйрутма берген кардарлар өздөрү алып келет. Биз канча материал керектеле турганын тактап, эсептеп беребиз. Этностилдеги тапчандар Таласта биринчи жолу жасалып жаткандыктан эл таң калуу менен кабыл алышты. Бири терс көз караштарын айтса, бири колдоп жатышты. Жасап бүткөндө эл кызыгып, Бишкектен, Ысык-Көлдөн буйрутма бергендер болуп жатат. Тилекке каршы ал жактарга бара албай жатабыз. Бирок Таластын ичинен да буйрутма бергендер бар.

Тапчандардын баасы ар кандай, сүйлөшкөнүбүзгө, көлөмүнө жараша болот. Чакандары 25000 сомдон болсо, чоңдору 45000 сомго чейин болот. Учурда устачылыкты кеңейтип, чоңураак станокторду алып иштесекпи деп ойлоп жатам», - деди ал.

Уста 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×