Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу, Токмок 18.09.2019 17:57 На русском

Токмокто кызуу жигиттерди жаш кызды унаага салып жатканда кармап калышты

Turmush -  Токмок шаардык соту ала качуу боюнча кылмыш ишинин материалдарын карап чыкты.

Айыпталуучу Касымбек (аты өзгөртүлдү, К.А.С.) 1992-жылы Чүй районунда туулган. Билими орто, бойдок, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Айыпталуучу Тынай (аты өзгөртүлдү, Т.Ы.Т.) 1992-жылы Чүй районунда туулган. Билими орто, үй-бүлөлүү, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Айыпталуучу Эмил (аты өзгөртүлдү, М.у.Э.) 1993-жылы Чүй районунда туулган. Билими орто, бойдок, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Үчөөнө тең Жазык кодексинин 175-беренесинин 1-бөлүмү боюнча (адамды никеге туруу максатында уурдоо) айып тагылган.

2019-жылдын 28-март күнү Касымбек үйлөнүү үчүн Тынай жана Эмил аттуу достору менен жолугуп, Токмок шаарындагы кафелердин биринде официант болуп иштеген Жыпаркүлдү (аты өзгөртүлдү, Ж.к.Д.) ала качуунун планын сүйлөшкөн. 29-мартта болжол менен саат 15:00 чамасында Касымбек, Тынай жана Эмил үчөө кыз иштеген кафеге барып, ал жерден тамактанып жана спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан соң болжол менен саат 17:00дө Касымбек үйүнө даярдык көрүү максатында кеткен. Кафеде калган Тынай менен Эмил алдын ала сүйлөшүлгөн план менен Жыпаркүлдү күч колдонуп унаага салышкан. Аларды
жабырлануучунун апасы З.С. менен кафенин ээси З.Ш. көрүп калып, унааны жүргүздүрбөй кызды чыгарууга аракет кылышкан.

Соттук отурумда айыпталуучулар күнөөлөрүн мойнуна алышкан жок. Алардын айтымында, 28-мартта үчөө жолугуп, бир кафеге барышкан. Ал жерден тамактанып жана спирт ичимдиктерин ичишкен. Ошондой эле официант болуп иштеген Жыпаркүл аттуу кыз менен таанышкан. Алардын кафеге төлөгөнгө акчасы жетпей калып, Касымбек өзүнүн уюлдук телефонун күрөөгө калтырган. 29-мартта кайра эле үчөө жолугуп, болжол менен саат 15:00 чамасында аталган кафеге келишип, тамактанып жана спирт ичимдиктерин ичип отурганда Жыпаркүл менен сүйлөшүшкөн. Касымбек кафеден кетип калгандан кийин, Эмил жана Тынай Жыпаркүл менен караокеге барып эс алуу үчүн аны күч колдонуп автоунаага отургузуп баштаганда кыздын апасы жана кафеде иштеген кызматкерлер келишкен. Алар Жыпаркүлдү автоунаадан сууруп чыгып, ызы-чуу салышкандан кийин ал жерден кетип калышкан. Андан кийин кечирим суроо максатында кафеге кайра келишкенде аларды милиция кызматкерлери кармашкан.

Соттук отурумда жабырлануучу Жыпаркүлдүн айтымында, 28-мартта болжол менен саат 11:00 чамасында кафеге 3 жигит келип, тамак-аш жана спирт ичимдиктерин алышкан. Алар мас абалында көпкө чейин отурушкан. Алардын ичинен 2 бала ага тийишишкен. Жумуш күнү аяктагандан кийин алар кафеден чыгып кетишкен. 29-мартта болжол менен саат 11:00 чамасында аталган жигиттер кайра келип, спирт ичимдиктерин ичип эс алып отурушкан. Саат 17:00 чамасында бейтааныш автоунаа келип, кафенин короосуна токтогон. Бир нече убакыт өткөндөн кийин Эмил менен Тынай Жыпаркүлдү эки колунан кармап, эшикке карай сүйрөп чыгып, унаага жакындаганда бирөөсү аны көтөрүп автоунаага салган. Экинчиси унаанын эшигин жапканга аракет жасаган. Ошол маалда апасы менен кафенин ээси келип, аны автоунаанын ичинен сууруп чыгышкан. Андан кийин балдар автоунаага отуруп качып кетишкен. Бирок көп өтпөй кайра келишкен. Кафедегилер милиция кызматкерлерин чакырышкан.

Жабырлануучу айыпталуучуларды кечиргенин, материалдык чыгымдар төлөнүп берилгенин кошумчалады.

Жыйынтыгында сот үчөөнү тең күнөөлүү деп таап, 6 айга эркинен ажыратты. Соттолгондордун бөгөт коюу чаралары өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынды.

Өкүмгө тараптар 30 күндүн ичинде Чүй облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга же сунуш келтирүүгө укуктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×