Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 18.09.2019 16:42

Кара-Сууда башталгыч класстын окуучулары ээн калган үйлөрдө окуп жатышат

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунун Маданият айылындагы орто мектептин башталгыч класстагы 100гө жакын окуучусу тургундардын ээн калган үйлөрүндө окуп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, мектепке чейинки класстын окуучулары дагы медициналык пункттун имаратына көчүрүлгөн. Ал эми жогорку класстын окуучулары авариялык абалдагы мектептин жарактуу делген экинчи корпусунда билим алып жатышат.

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Тиллебаевдин айтымында, айылдагы мектеп эки имараттан турат. Биринчи корпусу авариялык абалда болгондуктан, ал жакка окуучуларды жайгаштырышкан эмес. Буга чейин араб өлкөлөрүнөн келген инвесторлор Кыргызстанга жалпы 43 мектеп куруп бермей болгон. Алардын ичинде Маданият айылына курула турчу 320 орундуу мектеп дагы бар. Айыл өкмөт башчынын айтымында, жакын арада тендер жарыяланса, мектептин курулушу качан башталары белгилүү болот.

«Мурдагы мектеп эски болгондуктан аны жыл сайын актап-сырдачубуз. Быйыл окуучулардын коопсуздугун эске алып, айылдагы ээн калган үйлөрдү ижарага сурап, айрым окуучуларды ошол жакта окутуп жатабыз. Ал эми калган 300 окуучу мектептин эски имаратында (экинчи корпусунда) үч нөөмөт менен окуп жатышат. Мектептин бир имараты быйыл Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жараксыз деп табылган», - деди Жылдызбек Тиллебаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×