Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 18.09.2019 16:32 На русском

Тергөөчү 100 миң сом пара алып жатканда кармалды. Иштин чоо-жайы

Turmush -  Ысык-Көл облустук соту Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүнө карата козголгон кылмыш иштин материалын карап чыкты.

Айыпталуучу Айбек [ Ш.у.А. аты өзгөртүлдү]. Ал 1984-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Билими жогорку, Балыкчы ШИИБде тергөөчү кызматын аркалап келген. Ажырашкан, бир баланын атасы. 2018-жылдын март айынан бери Балыкчы ШИИБде тергөөчү болуп иштеп келген. Ага КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Опузалап пара алуу) жана 325-берененин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (Пара алуу), 320-берененин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылган.

2018-жылдын 23-июлунда ал нөөмөттө иштеп жатып, тергөө оперативдүү тобунун курамы менен чакыруу түшкөн Балыкчы шаарынын Абдрахманов жана Совет көчөлөрүнүн кесилишине мушташ болгон жерге барган. Жарандардын ортосундагы мушташ бир адам унаасынын терезесинен сыранын бош бөтөлкөсүн ыргытып жибергенинен улам чыккан. Материалдар чогултулгандан кийин тергөөчү Айбек медициналык жардамга кайрылган мушташтын катышуучуларына карата соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Окуя болгондон кийин эки тарап тең милицияга арыз менен кайрылышкан.

Тергөөчүнүн айтымында, мушташ К.А. жана Ж.Ж. аттуу жарандардын ортосунда болгон. Бирок, К.А. абдан мас абалда болгон, өзүн агрессивдүү алып жүргөн. Анын мас абалда экендиги кийин дагы тастыкталган.

Бирок, 13-августта тергөөчү бир тараптын [Ж.Ж.] арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ден соолукка оор залал келтирүүгө байланыштуу болгон. Козголгон кылмыш иштин алкагында тергөөчү тарабынан ШИИБге мушташтын катышуучусунун бири К.А.ны алып келүү боюнча чара көрүлгөн.

Тапшырма боюнча келген ШИИБдин оперативдүү кызматкери менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Айбек К.А.ны кылмыш жоопкерчилигине тартып, ага издөө жарыялай тургандыгын айтып коркуткан. 10-сентябрда мушташтын катышуучулары жактоочулардын коштоосу менен тергөөчүнүн бөлмөсүнө келишкен. Анда Айбек жактоочуну К.А.га карата козголгон кылмыш иштин материалдары менен тааныштырып, андан кийин бул иш боюнча аны суракка алып баштаган. Сурактын жүрүшүндө Айбек өзүн жабырлануучу деп эсептеген К.А. анын кылмышка шектүү катары кароосуна макул эместигин көрүп, ага психологиялык жана моралдык кысым көрсөтүп баштаган. Муну менен ал аны шектүү катары кармай тургандыгын айтып, кылмыш ишти оор беренеге которо тургандыгын билдирген. Жактоочу тергөөчүдөн эмнеге мындай кылып жаткандыгын сураганда Айбек К.А.дан бөлмөдөн чыгып турууну өтүнгөн.

Жактоочу менен жалгыз калган Айбек кагаз алып, ага «200 000» сом деп жазып, ага ушул суммадагы акчаны берүүнү көрсөткөн, эгерде макул болбосо К.А.нын иши кыскартылбай турганын айткан. Жактоочу К.А.нын мындай акчасы жок экенин, анын материалдык абалы оор экендигин айтканда, Айбек сумманы 100 000 сомго өзгөрткөн.

К.А, жактоочудан тергөөчү пара талап кылып жаткандыгын уккандан кийин өзүнө жана анын жакындарына карата боло турган мыйзамсыз иштердин алдын алуу максатында талап кылынган сумманы берүүгө аргасыздан макул болгон. Буга байланыштуу ал унаасын сатууну чечип, ага убакыт берүүнү өтүнгөн.

Ал эми Айбек таанышы болгон прокуратуранын кызматкери менен сүйлөшүшү керектигин айткан. Буга байланыштуу ал баарын эшикте күтүп турууну өтүнгөн. Болжол менен бир саат өткөндөн кийин ШИИБдин имаратынын жанына «БМВ» унаасы менен ал айтып жаткан прокуратуранын кызматкери келип, тергөөчү менен сүйлөшкөн. Андан кийин тергөөчү жактоочуну чакырган. Сүйлөшүү учурунда Айбек К.А. ага акча каражатын эки күндүн ичинде бериши керектигин талап кылган. 11-сентябрда жактоочу тергөөчүгө телефон чалып, К.А. унаасын жылкыларга алмаштырып, дем алыш күнү аларды Токмок шаарындагы базарга алып чыгып сата турганын айткан. Жактоочу менен тергөөчү акча 15-сентябрдан кийин берилерин айтып, макулдашкан.

12-сентябрда УКМКнын Коррупция менен күрөшүү кызматына арыз жазылган.

16-сентябрда жактоочу кайрадан тергөөчү менен байланышып, К.А. күтүп турууну өтүнүп жатканын, анткени чогулган акча толук эмес болуп жаткандыгын жана болгону 60 миң сом чогулганын айткан. Айбек кечке чейин айтылган суммадагы акчаны алып келип беришин өтүнүп, эгерде аткарылбаса ал чара көрөрүн, ага чакыртуу жиберерин жана мындан кийин сүйлөшүү болбой турганын айткан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тергөөчүгө Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде акча берүү макулдашылган. 16-сентябрда кечинде Балыкчы ШИИБдин тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Айыпталуучунун айтымында, К.А.ны суракка алып жаткан учурда жактоочу аны менен өзүнчө сүйлөшүүнү өтүнүп, башкаларды бөлмөдөн чыгарууну суранган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жактоочу Айбектен ал жактап жаткан адамга жардам берүүнү өтүнгөн. Тергөөчү К.А.дан ага эч нерсе кереги жок экенин айткан. Эгерде ал жабырлануучу менен элдешсе, анда ал жардам бере турганын билдирген. Ошол учурда жактоочу андан жабырлануучу Ж.Ж. менен сүйлөшүп, ага тосмо арыз жазуусун сүйлөшүп берүүсүн суранган. Ошондо ал Ж.Ж. менен жакшы мамиледе эмес экенин билдирген.

Андан кийин Айбек жактоочудан жана башкалардан тергөө иштерин бир күндө бүтүрүү үчүн кийинки күнү келүүсүн өтүнгөн. Эгерде эки тарап элдешпесе ишти сотко жибере турганын айткан.

Эки күн өткөндөн кийин жактоочу телефон чалып, жуманын аягына чейин келе албай турагынын билдирген. Дем алыш күнү Айбек Чүй облусунун аймагына кетип, Сокулук районундагы мурунку аялынан баласын алып, Бишкек шаарындагы соода борборлордун бирине келген. Ал баласына кийим-кече сатып берип, аны балдар аянтчасында ойнотуп жаткан.

Жактоочу менен Айбек соода борбордун кире беришинен жолугушкан. Сүйлөшүүдө жактоочу ага бир нерсе берүүгө аракет кылган. Бирок, тергөөчү ага эч нерсе кереги жок экенин, ал акчасы жок эле колунан келген жардамын бере турганын айткан. Ошондой эле, ал жабырлануучу тосмо арыз жазабы же жокпу белгисиз экендигин билдирген болчу.

Андан кийин Айбек уулун таксиге отургузуп, кийимдер салынган баштыктарды унаага салган. Андан кийин аны УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармашкан. Анын шымынын сол чөнтөгүндө конверт табылган, анда 100 миң сом болгон. Тергөөчү конвертти жактоочу салганын билдирген.

Иштин материалын карап чыгып, Каракол шаардык соту тергөөчүнү күнөөлүү деп таап, КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү боюнча 260 миң сом айып, КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 325-беренесинин 1-бөлүмү боюнча 260 миң сом айып, Кылмыш-жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча 4 млн сом өлчөмүндө айып салып, 3 жыл укук коргоо органдарында кызмат өтөө укугунан ажыраткан. Мындай чечим күчүнө киргичекти сот айыпталуучуну үй камагына чыгарган. Чечим 2019-жылдын 8-апрелинде кабыл алынган. Бирок Айбек соттун чечимин кайра кароо боюнча арыз жазган. Бирок, Каракол шаардык соту 2019-жылдын 15-июлунда анын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Айбек Ысык-Көл облустук сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылган. Иштин материалын облустук сот 2019-жылдын 10-сентябрында караган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×