Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 18.09.2019 15:49

«16-беттен кийин 34-бет болуп калган»: Ош шаарында 54,4 миң окуу китебинен ката чыкты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында 54 миң 480 китептен ката чыкты. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, быйыл жаңы окуу жылына карата шаардагы мектептерге таратылган китептердин ичинен 5-6-класстардын айрым окуу китептеринен каталар табылган. Математика китебинде да кээ бир мисалдар туура эмес берилип, бир канча китептин айрым беттери жок болуп чыккан. Ошондой эле бир нече китептин тексттери тескери басылып калган.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Дилбар Самидинованын айтымында, 5-6-класстардын 4 окуу китебинде каталар бар. Бирок китептер кайра оңдоого кайтарылган эмес.

«5-6-класстардын кыргыз тили, информатика, адам жана коом, математика китептеринин айрым жерлеринде каталар бар. Кыргыз тилдүү мектептерге таратылган 5-6-класстардын 10 миң 800 китебинде, орус тилдүү мектептерге таратылган 35 миң 280 китебинде, өзбек тилдүү мектептерге таратылган 8 миң 400 китепте, жалпысынан 54 миң 480 китептен каталар табылган. Быйыл окуучулар 12 окуу китебине акча төлөш керек болсо 4 китепке ижара акысын төлөшкөн жок», - деди Дилбар Самидинова.

Ал эми Өзгөн районуна каталары бар 14 миң даана китеп таратылганын райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Борончу Көкөев билдирди.

«Кыргыз тилиндеги элементардык сөздөр ката жазылган. Мисалы: “канаттуулар” деген сөздүн бир тамгасы жок же “төрт” деген сөз “төр” болуп калган. Аны кайра оңдоп чыгарууга убакыт да, акча каражаты да жетпесе керек. Ушул бетте ушундай ката бар деген тиркеме берилип, ал китептин арткы бетине тиркелген», - деди Борончу Көкөев.

Учурда Ош шаарындагы жана облустун аймагындагы окуучулар Б.Көкөев айтып жаткан тиркемелердин жардамы менен окутулуп жатат.

Алай районунун билим берүү бөлүмүнөн 5-6-класстардын окуучуларына 4 сабактын 19 миң китеби ката менен таратылып, аларга атайын тиркеме дагы берилгенин айтышты.

Ноокат районунун райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, алар одоно катасы бар 17 гана китепти кайра оңдоого жиберишкен. Ал эми мугалимдер кээ бир каталарды сабак учурунда өздөрү оңдоп жатышканын билдиришти.

«Биз китепти мектептерге июль айында эле таратып, оңдой турчу жерлерин китепканачыларга оңдоттурганбыз. Ал эми бир китептин 16-барагынан 33-барагы жок болуп чыккан. 16-беттен кийин дароо 34-бет болуп калган. Ушундай китептерди гана кайра жөнөттүк», - деп билдиришти Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн.

Ал эми Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, аларга таратылган китептерде бир дагы ката жок.

Аймактык кабарчы аталган маселе боюнча өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айжан Мамаевага кайрылганда, ал жооп бере албай турганын, Талас облусунда өтүп жаткан улуттук көчмөндөр оюндарына кетип жатканын билдирди.

----------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында окуу китептеринин жетишсиздигинен балдарына базардан китеп сатып алган ата-энелердин саны көбөйгөнүн жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×