Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 18.09.2019 14:54

Улуттук көчмөндөр оюндары: Таласта милициянын ардагерлери коомдук тартипти сактоого жардам берип жатышат

Turmush -  Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында милициянын ардагерлер кызматкерлери коомдук тартипти сактоого жардам берип жатышат. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Анын айтымында, 16-сентябрда башталган оюндары 21-сентябрга чейин уланат. Учурда 500дөн ашык милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Облус аймагында милициянын 30дан ашык ардагери бар. Алардын баары өз ыктыярлары менен Көчмөндөр оюндарында коомдук тартипти сактоого келишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×