Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.09.2019 11:01 На русском

Мас болуп калган милициянын майору зордуктоо боюнча кылмыш иштин материалдарын жоготуп жиберген

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облустук соту Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын майору Мухтарга (аты өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш иш боюнча чечим чыгарды.

Соттун токтомунда айтылгандай, аталган тергөөчү зордуктоо жана баңгизат боюнча тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында тергөө иш-чараларын жана соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү үчүн РИИБдин башка кызматкерлери менен Бишкек шаарына кызматтык иш сапарга жөнөтүлгөн. Ошол эле күнү милиционерлер жана айыпталуучу экспертиза жүргүзүү үчүн Республикалык психикалык ден соолук борборуна барышкан. Экспертизадан кийин милиция кызматкерлери айыпталуучу менен бирге Жети-Өгүзгө жөнөп кетишкен. Ал эми Мухтар экспертизанын жыйынтыгын алуу үчүн Бишкекте калган. Ал кийинки күнү корутундуну алып, Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылына кетүү үчүн автобекетке барган.

Мухтар анда оор кылмыш боюнча кылмыш иштин материалдары бар экенин билип туруп, барга жана бильярд залына барууну чечкен. Ал автобекеттин аймагында документтер салынган папканы жоготуп жиберген. Анын ичинде кылмыш иш боюнча топтолгон материалдар жана аталган иш боюнча экспертизанын корутундусу да бар болчу. Тергөөчү РИИБдин жетекчилигине аталган окуяны өз убагында билдирген эмес. Ал 3-октябрга чейин жумушка барган эмес. Мухтар аталган күнү жумушуна барып, 28-сентябрда кечинде Бишкектеги автобекетте аны карактап, материалдар салынган папканы, телефонун, курткасын жана бут кийимин тартып алышканын айткан.

Бул факты кылмыштар китебине катталып, РИИБге өткөрүлүп берилген. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө видеокамерага тартылган видеонун негизинде Мухтар 28-сентябрда саат 22:00 чамасында мас абалда автобекеттин аймагынан чыгып, Жибек жолу менен Ростов көчөлөрүнүн кесилишине барганы аныкталган. Ал эми документтер салынган папка 29-октябрда сейил бактын аймагынан табылган.

Бул факты боюнча Ысык-Көл ОИИБ кызматтык териштирүү жүргүзүп, Мухтарга кызматына толук ылайык келбөө боюнча эскертүү берилген. Ал эми Мухтар сот отурумунда 28-сентябрда белгисиз адамдар ага кол салып, анын кесепетинен кылмыш иштин материалдары салынган папка жана өзүнүн буюмдары жоголгонун билдирген.

Буга чейин Каракол шаардык соту Мухтарды күнөөлүү деп таап, аны 3 жыл укук коргоо органдарындагы кызматта иштөө укугунан ажыраткан. Ал эми Ысык-Көл облустук соту ушул жылдын 26-августунда бул ишти карап чыгып, Каракол шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×