Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 19.09.2019 22:00

Айыл турмушу: Элнуранын ишкерчилик кылуусуна кайын журту түрткү болгон

Turmush -  Түп районунун Ысык-Көл айылынын 21 жаштагы тургуну Элнура Урмамбетова таттууларды жасап сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Каракол шаарындагы №2 кесиптик лицейде 2016-2018-жылдары окуган.

«Мен Балбай айылында төрөлгөм. Кийин Ысык-Көл айылына келин болуп келдим. Учурда торт, кекс сыяктуу таттууларды жасап сатам. Мурда интернеттен көрүп, ар кандай таттууларды жасай берчүмүн. Турмушка чыккандан кийин жасаган таттууларды сатыкка чыгарууга кайын энем, кайын атам жана жолдошум түрткү болду. Азыр торт, кекс, панкейк жана таттуулардын көптөгөн түрүн жасайм. Ар бирин 230 сомдон 600 сомго чейин сатам. Азырынча азыктарды дүкөнгө коюп жатам, ал жактан сатып беришет.

Эң башында курбу кызым тортко буйрутма берген. Аны кандай кылып жасасам деп түнү менен ойлонгондуктанбы, түшүмө дагы торт кирген эле. Негизи бир иш баштар алдында эч нерседен коркпош керек экен. Бардык нерсе колубуздан келет, болгону аракет кылуу керек. Келечекте ушул ишимди кеңейтип, чоң кондитердик дүкөн ачууну пландап жатам», - дейт бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×