Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 17.09.2019 16:26 На русском

Айыл аксакалдары 1995-жылы барымтага алынган келинди Курсан Асанов куткарганын айтып беришти. Видео

Өзгөн жана Ноокат районунун тургундары
Өзгөн жана Ноокат районунун тургундары

Turmush -  Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду Өзгөн жана Ноокат районундагы тарапташтары колдоп чыгышты. Алар К.Асановдун ички иштер органдарында иштеген жылдарда жасаган айрым иштери тууралуу бүгүн, 17-сентябрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында айтып беришти.

Алардын айтымында, Курсан Асановдун иштери азыр да эл арасында унутулган эмес.

«Курсан Асанов Ички иштер министрлигинде татыктуу иштеди. Аны милиция кызматына жумушка орношкондон бери тааныйбыз. Убагында биздин чоңдор "өлкөгө армия керек эмес" дегенден кийин Баткен окуясында (1999-жыл) канча милиционер курман болду? Ошондуктан милицияга Курсан Асановдой жигиттер керек», - деди Ноокат районунан келген Абдусаттар Бегматов.

Өзгөн районунун тургуну Абдурасул Суранбаев Курсан Асановдун эл арасында «Элдик генерал» деген каймана аты бар экенин айтты.

«Кыргызстанда көп иштер аткарылып жатат. Өлкөбүз акырындан өнүгүп жатат. Элдин керегине жараган жигиттин (К.Асанов) иштерин айтып коеюн деп, айылдагы аксакалдардын атынан келдим. К.Асанов кыргыз элинин өнүгүп-өсүүсүнө чоң жардам берди. Ал патриот жигит. Анын калк арасындагы кадырын биз айтпасак да эл билет. Анын 1995-2002-2008-2010-жылдагы окуялардагы иштерин айтсак, сөз түгөнбөйт. Мен кээде Улуу Ата Мекендик согуш мезгилин чагылдырган тасмаларды көрүп алып абдан таасирленем. СССРдин маршалы Георгий Жуковду баарыңар билесиңер, мен К.Асановду кыргыздын Жукову деп айтар элем. К.Асановдун ишин калыс карап берүүнү өтүнөм», - деди А.Суранбаев.

Өзгөн районунун тургуну Сабайали Сражидинов К.Асановго байланыштуу окуяны эстеди.

«Курсан Асанов кичинекей кезинен эле тырышчаак, спортко жан дили менен берилген бала болчу. Спорт жаатында жүрүп, ички иштер органдарына келди. Көп аймактарда иштеди. 2010-жылы Оштогу коогалаңда өзүн көрсөтүп, кан кечип жүрдү.

1995-жылы Ош шаарындагы борбордук базарда бир келинди белгисиз бирөө тапанча менен барымтага алган. Ал жерге милиция кызматкерлеринен эч ким барбай койгон. Ошондо К.Асанов базарга кирип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, барымтага алынган келинди бошотуп чыккан. Ошондо эле анын баатыр мүнөзү бар болчу.

Ош шаарындагы июнь коогалаңында (2010-жыл) барымтага алынган адамдарды куткарып жүргөн. Кой-Таштагы окуялар бүткөндөн кийин эле ага иш козгошту. Курсан Асановго куугунтукту токтотуңуздар», - деди С.Сражидинов.

----------------------

Буга чейин «Баракелде» басылмасы 27-августта Биринчи май райондук соту К.Асановдун баш коргоо чарасын карап, ИИМдин жетекчисинин мурдагы орун басары 13-октябрга чейин үй камагына алынганын жазган.

Милициянын генерал-майору Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулганы 13-августта белгилүү болгон.

----------------------

8-августта К.Асанов Кой-Ташта мурунку президент А.Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ички иштер министрлигинин расмий маалыматында К.Асанов Кой-Ташта өзүн пиарлоо менен алектенгени айтылган.

«Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында коомдук тартипти турукташтырууда өзүнө тапшырылган жерде кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна пиар менен алектенип, өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип, окуянын жүрүшүн видеотасмага тарттырганы, курал-жарактарды кармаганга болбостугуна, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала турганына, фото-видеого атайын кызматкерлер гана тарта турганына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталган. Бул анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болду», - деп айтылган маалыматта.

Кийинчерээк К.Асанов кызматынан бошотулушу боюнча билдирүү таратып, ИИМдин айыптоолоруна макул эмес экенин айтты.

14-августта К.Асанов кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, ишти Аскердик прокуратура тергеп жатканы маалым болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×