Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 17.09.2019 14:42 На русском

«Башына темир кирип кеткен»: Денеси түн ичинде табылган ат-башылык тургундун өлүмү

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында жансыз дене табылды. Маркумдун туугандары шектүүнүн үй камагына чыгарылганына нааразы болууда.

Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынын 1977-жылы туулган тургуну Т.Э. 14-сентябрга караган түнү саат 02:35 чамасында өзүнө тиешелүү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ак-Сай өрөөнүнөн мал жүктөп келе жаткан. Ак-Муз айылынын күн чыгыш тарабынан, тактап айтканда айылга 300 метрдей жетпеген аймактагы жолдун оң жак тарабынан кишинин жансыз денесин көргөн. Ал бул окуяны дароо Ат-Башы РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барды. Маркумдун өздүгүн аныктоо үчүн ыкчам иликтөө иштери жүрүп, ал Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну Т.М. экени аныкталган.

Бул факт Жазык кодексинин 297-беренеси (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү Ат-Башы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалган. 16-сентябрда Нарын шаардык соту бөгөт коюу чарасын карап, шектүү үй камагына чыгарылган.

Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Маркумдун бир тууган агасы Данияр Муканбетов иниси Токторбай Муканбетов шектүүнүн малын багып иштечү.

«14-сентябрь күнү Ак-Муз айылында, тактап айтканда Ак-Сай өрөөнү тараптагы жолдо иним унаа менен тебеленип өлтүрүлгөн. Биз инимди өлүкканадан көрдүк. Ат-Башынын милиция кызматкерлери алып барышкан экен. Иним ошол шектүүнүн малын багып иштечү. Мал сарайдан Ак-Муздагы колуктусуна барып, "сен сарайга кете бер, мен аркаңдан барам" деп, аны башка унаага салып жибериптир. Өзү шектүүнүн жол тандабасына түшкөн экен.

Инимди жолдон тебелеген эмес. Жумшак топурактын үстүнөн тебелеген. Жолдон (шагыл жол) тебелесе, денесине шагыл жиреп туруп калмак», - деди ал.

Маркум кечээ, 16-сентябрда жерге берилген.

«Өлүкканага барганда инимдин кийимдери чөп, топурак болуп калыптыр. Каракушка 7 см узундуктагы темир кирген экен. Чекеси жарылган, бети сүрүлүп, буту сынган. Кечээ, 16-сентябрда жерге бердик.

Шектүүнү Нарын шаардык соту үй камагына чыгарып жибериптир. Анан дагы жол кырсыгы деп катташыптыр. Сотко бизди чакырган эмес», - деди Муканбетов Данияр.

Анын айтымында, иниси Токторбай Муканбетовдун артында эки кызы калды.

«Иним анын (шектүүнүн) малын 3 жылдан бери багып келе жаткан. Буга чейин уруш-талашы деле болбоптур. Айына 8 миң сом эмгек акы төлөп берчү. Мындан мурдараак эки бээ жоголуп, бири арыкка түшүп өлүп калган экен. Ошондо бул бээни төлөйсүң деп айтыптыр.

Окуя болгон жерден унаанын арткы бамперинин теңи, күзгүнүн сыныктары, унаанын бир капталындагы күзгү, үйдүн ачкычтары табылган. Шектүү иниме жардам бербей, Бишкекке кетип бара жатканда Кара-Чий айылында унаасы кырсыкка учураган. Эгер кырсыкка учурабаганда табылбай калмак экен. Инимдин артында эки кызы жетим калды, жубайы боздоп отурат. Таянаары иним эле», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×