Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Талас облусу, Талас 17.09.2019 12:24

«Альянс Алтын» ишканасы Улуттук көчмөндөр оюндарына 11 млн сомдон ашык каражат бөлүп берди

Turmush -  «Альянс Алтын» ишканасынын акционерлери Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу иштерине 7 млн сом бөлүп берди.

Маалыматка караганда, ишкананын «Бакубат Талас» фонду даярдык иштерине 4,7 млн сом бөлдү. Жыйынтыгында «Манас Ордо» комплексинде суу топтоочу жай жасалды. Буга чейин комплекс ичүүчү суу менен камсыздалбай, агып жаткан суу пайдаланылып келген. Август-сентябрь айларында Кароол-Чокунун жанынан 60 метр кудук казылып, боз үйлөр тигилген этношаарчага чейин атайын түтүктөр тартылып, суу жеткирилди.

Р.Алканов атындагы ат майданга жана ага алып баруучу К.Сейдасанов көчөсүнө түнкү чырактар коюлду. Ат майдандын жолдоруна асфальт төшөлүп, атайын арка курулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×