Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуБаткен району 17.09.2019 08:39 На русском

Баткендеги чек арада ок атышуу: Жаракат алгандардын тизмеси

Turmush -  Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 14 адам жаракат алып, алардын бирөөсү (чек арачы) ошол жерде каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, азыркы учурда Лейлек районунун аймактык ооруканасына 13 жабырлануучу жаткырылды.

Тизме:

- Ж.Б., 1978-жылы туулган. Мойнунан жаракат алган, абалы туруктуу.

- 12 жаштар чамасындагы бала. Ийининен жаракат алган. Абалы орто. Шок абалда болгондуктан фамилиясын айта албай жатат.

- Р. К., 1976-жылы туулган. Сол бутунан жаракат алган, абалы орто.

- У. Р., 1973-жылы туулган. Бутунан жаракат алган, абалы орто.

- Э. Р., 1973-жылы туулган. Курсагынан жаракат алган, абалы орто.

- А. З., 1978-жылы туулган. Далысынан жаракат алган, абалы орто.

- Т. у Г., 1998-жылы туулган. Аскер кызматкери. Балтырынан жаракат алган, абалы орто.

- М. О., 1997-жылы туулган. Аскер кызматкери. Башы контузия болуп, көкүрөгүнөн жаракат алган, абалы орто.

- С. Ж., 1980-жылы туулган. Аскер кызматкери. Жонунан жаракат алган, абалы орто.

- Т. М., 1989-жылы туулган. Аскер кызматкери. Ийининен жаракат алган, абалы орто.

- К. К., 1992-жылы туулган. Аскер кызматкери. Башынан жаракат алган. Абалы өтө оор, реанимацияда жатат.

- А. У., 1995-жылы туулган. Аскер кызматкери. Абалы өтө оор, реанимацияда жатат.

- Т.у Э., 1989-жылы туулган. Аскер кызматкери. Эки жамбашынан, ийининен жаракат алган, абалы оор.

- М. Р., 1978-жылы туулган. Аскер кызматкери, алган жаракатынан улам каза болду.

Мамлекеттик чек ара кызматы 16-сентябрда чек арадагы ок атышууда 7 аскер, жөнөкөй 6 адам ар кандай жаракаттарды алып, Исфана шаарындагы ооруканага жеткирилгендигин билдирген. Алардын экөө оор абалда жатат. Калган 11 адам Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик учагы менен Бишкек шаарындагы ооруканага жеткирилмек болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×