Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 16.09.2019 22:57 На русском

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 4 чек арачы, 6 тургун жаракат алды

Turmush -  Лейлек районунун Максат айылында саат 20:00 чамасында болгон ок атышуудан улам 4 чек ара кызматкери, Максат айылынын 6 тургуну, анын ичинен 1 жаш бала (2005-жылы төрөлгөн) жаракат алышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ал маалыматка караганда, 1 чек арачы каза болду. Ал №2021 чек бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн. Жабыркагандар ошол замат тез жардам аркылуу Кулунду жалпы дарыгерлер-практикалык борборуна жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн соң Лейлек аймактык ооруканасына жөнөтүлдү. Айыл тургундарынын абалы оор. Чек ара кызматкеринин да абалы өтө оор, башынан жарадар болгон. Бир чек ара кызматкеринин абалы оор. Азыркы убакта Максат айылында жалпысынан 4 тез жардам кызматы иштеп жатат. Лейлек аймактык ооруканасынан дарыгерлери тез жардам унаасы менен окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Баткен облустук ооруканасынан да хирург, травматолог, реаниматолог дарыгерлер реанимобиль менен Лейлекке кетти. Жабыркагандар дары-дармек, керектүү медициналык жабдыктар менен толук камсыздалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×