Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 16.09.2019 21:22 Жаңыланды: 16.09.2019 22:24 На русском

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, 1 адам каза болду. Видео

Участок Футбольное поле, село Максат Лейлекского района
Участок Футбольное поле, село Максат Лейлекского района
// Turmush

Turmush -  Бүгүн, 16-сентябрь күнү кечинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал курчуду.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Лейлек районунун Максат айылындагы футбол талаасындагы аймакта саат 19:00-19:40 чамасында ок атылды. Окуя болгон жерге Баткен облусунун жетекчилери чыгышты. Андан тышкары тез жардам унаасы жөнөтүлгөн.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын алдын ала маалыматына караганда, кыргызстандык чек арачы көз жумду.

Такталбаган маалыматка караганда, жаңжал Кыргызстандын жараны аталган аймакта курулуш иштерин баштаганда чыккан. Тажик тарап анын аракеттерине нааразы болуп, чыр чыккан учурда ок атылган.

Саат 21:30га карата атышуу токтоду. Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү мындан аркы жаңжалга жол бербөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Жаңжалдын келип чыгышына тажик жарандарынын мамлекеттик чек арадагы белгиленбеген участкада курулуш иштерин жүргүзүп баштаганы себеп болгон. Ага жооп катары Кыргызстандын жараны өзүнүн үйүнүн аймагына курулуш ишин жүргүзүп баштаган. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүп, анда эки тараптагы курулуш иштерин токтотуу чечими кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×