Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 16.09.2019 18:45

Окуучулары олимпиадага катышпаган Кыргызстандагы мектеп (видео, сүрөт)

Turmush -  Электр жарыгы жете элек Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылындагы Манап Чыйбылов атындагы мектептин окуучулары олимпиадаларга дээрлик катышпайт. Жалпы республикалык тестирлөөдө да жакшы жыйынтыктарга жетпей жатышканын жергиликтүү мугалимдер билдиришти.

15 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келген англис тилчи Кызжибек Исмаилованын айтымында, жашоо-шарттын катаалдыгы да окуучуларды убайга салат. Айылга барчу жолдун татаалдыгынан жана байланыштын начардыгынан улам окуучулар олимпиадаларга бара алышпайт.

«Биз дагы окуучуларыбызды районго ээрчитип барып, олимпиадаларга катыштырууну каалайбыз. Бирок көбүнчө сынактар кышында өтүп калгандыктан балдарды алып баруу мүмкүн эмес. Балдарды канчалык деңгээлде тарбиялап жатабыз? Мен ушул суроого жооп тапкым келет. Биз деле колдон келишинче даярдап, болгон билимибизди балдарга берип жатабыз. Окуучуларыңды ээрчитип, районго, облуска барып келүү деле жакшы көз ирмем деп эсептейм. «Жылдын мыкты мугалими» сынагында да жетишпей калабыз. Бир гана август айындагы окууга барып келебиз», - дейт К.Исмаилова.

Мектептин директору Абдыкадыр Чыйбыловдун пикиринде, балдардын билим деңгээли жакшы, мектепти бүткөндөр жакшы кызматтарда иштеп жатышат.

«Мектепти бүтүп, райондогу акимчиликте иштеп жаткандар бар. Билимдери жакшы деп айта алам. Кышкысын жолдогу каттам кыйынчылыкка кептелет. Окуучуларды олимпиадаларга же башка кароо-сынактарга катыштыруу үчүн убагында жеткирүү оор. Анан да жоопкерчилик бар. 5-6 сааттык жолдо ат менен жүргөндө ооруп калышы мүмкүн. Ушундай кыйынчылыктардан улам биздин балдар иш-чараларга катышпай жатканы бизди деле өкүндүрөт.

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп көп аракеттер жүрүүдө. Бизде болсо электр жарыгы жоктугунан балдарга компьютерди үйрөтө албай жатабыз. Электр жарыгы келсе биз да заманбап ыкманы колдонот элек», - деди мектептин директору.

Мектептеги 10 мүнөттүк танаписке айылдык уста жасап берген темир коңгуроо кагылат. Салмактуу жана сапаттуу жасалган коңгуроо пайдаланылып жатканына 40 жылдан ашты. Мугалимдер кезектешип коңгуроо кагып турушат.

Алыскы элеттеги мектепте жалпысынан учурда 57 бала билим алат. Быйыл 9 жылдык мектеп болуп калды. Мында 11 мугалим эмгектенүүдө.

2016-жылы курулушу башталып, 2018-жылы пайдаланууга берилген заманбап мектептин имараты алгач генератордун жардамында, кийин көмүр менен жылытылат.

Мектеп 1960-жылы Жазы-Кечүү башталгыч мектеби болуп түзүлгөн. 1976-жылы токой чарбанын имаратына которулуп, Кызыл-Үңкүр мектебинин филиалы болгон. 1979-жылы Гагарин атындагы 8 жылдык мектеп катары өзгөрүлгөн. 1989-жылы ашар жолу менен 6 бөлмөлүү имарат тургузулган болчу. 2005-жылы орто мектеп макамын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×