Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусуАлай району 16.09.2019 16:54

«Алай району өнүгүү жолунда»: 1 жылдагы жетишкендиктер

Алай району
Алай району

Turmush -  2018-жылдын октябрь айынан бери Алай районун Замир Молдокулов жетектеп келет. Ал кызматка дайындалгандан бери кандай жумуштар аткарылганын жана райондогу жетишкендиктер, кемчиликтер тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Акимдин айтымында, 2018-2019-жылдары райондо бир катар алгылыктуу иштер аткарылып, элдин жашоо турмушу жылдан-жылга жакшырууда.

Алай району Ош облусунун түштүк аймагында жайгашкан. Кытай мамлекети, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат жана Чоң-Алай райондору, Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусу менен чектешет. Аянты — 7,6 миң чарчы километр, облустун 26 пайызын ээлейт. Борбору — Гүлчө айылы. Райондо 14 айыл өкмөт бар.

Алай райондук мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары президент С.Жээнбековдун «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгынын негизинде иш-чаралардын планын түзүп, аймакта элдин жашоо-шартын жакшыртуу, кошумча жумуш орундарын түзүү, ишканаларды ачуу, Өзгөчө кылдаалдар министрлиги тарабынан пайдаланууга жараксыз деп табылган социалдык объектилерди жаңылоо жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери аткарылууда. Ошондой эле көйгөйлүү болгон таза суу маселелерин чечүү боюнча бир катар жумуштар жасалды.

- №42 С.Ашимов атындагы орто мектеби 225 окуучуга эсептелип, сметалык баасы 46 млн сомдук долбоор болуп түзүлүп, 2015-жылы республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесине киргизилген. Бирок 2015-жылы 3 млн сом акча бөлүнгөндөн кийин калган каражат которулбай, курулуш иштери токтоп калган. Ушул жылы гана кайрадан акча бөлүнүп, учурда курулуш иштеринин 60 пайызы бүткөрүлдү;

- №43 И.Умаров атындагы орто мектебинин имаратынын курулушу 2013-жылы башталган. Сметалык баасы 42 млн 678 миң сомдук долбоор түзүлүп, республикалык бюджеттин капиталдык салымдар бересине киргизилип, мектептин имараты 2016-жылы пайдаланууга берилген. Бирок мектептин спорт залы курулбай калган. Учурда 2019-жылдын бюджетинен спорт залдын курулушу жүрүп жатат;

- 2011-жылы ӨКМ №22 С.Төрөшев атындагы орто мектебинин имараты авариялык абалда экендиги тууралуу корутунду чыгарган. Бирок каражаттын тартыштыгынан мектептин жаңы имаратынын курулушу башталган эмес. 2014-жылы ӨКМ кайрадан имарат авариялык абалда деген корутунду чыгарып, мектепти пайдаланууга тыюу салган. Анын негизинде ушул жылы жаңы мектептин курулушуна каражат бөлүү маселеси республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесине киргизилип, учурда тиешелүү иш кагаздар бүткөрүлүп жатат. Жаңы мектеп долбоор боюнча 125 орундуу;

- №15 Т.Жумабаев атындагы орто мектеби ӨКМ тарабынан 2015-жылы жараксыз деп табылган жана ошол эле жылы жаңы 225 орундуу мектептин сметалык баасы 107 млн 965 миң сом болгон долбоору түзүлгөн. 2015-жылы республикалык бюджеттен 9 млн сом бөлүнүп берилип, курулуш иштери башталып, бирок ортодон жумуштар токтоп калган. 2018-2019-жылдары 12 млн сом каражат бөлүнүп, бүгүнкү күндө 21 млн сомдук жумуштар аткарылып, курулуш иштери жүрүп жатат;

- №39 К.Эсенов атындагы орто мектеби ӨКМ тарабынан эки ирет жараксыз деп табылган. 2019-жылы каражаттын тартыштыгына байланыштуу бардык документтери даярдалганына карабай республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесине кирбей калган. Айыл тургундары нааразычылыктарын билдирип, президентке чейин кайрылышкан. Бүгүнкү күндө бардык сметалык документтери даярдалып, мектептин курулушун 2020-жылдагы республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесине киргизүүгө аракеттер көрүлүп жатат;

- Бийик тоолуу, жашоо-шарты оор Сары-Могол айыл өкмөтүнүн №53 Х.Алимсеитов атындагы орто мектебинин имараты ӨКМ тарабынан 2014-жылы жараксыз деп табылган. Ошол эле жылы 335 орунга ыңгайлашкан мектептин курулуш иштери башталып, биринчи корпусу пайдаланууга берилген. Ал эми спорт залынын курулушу токтоп калган. 2019-жылы каражат каралып, бүгүнкү күндө спорт залдын курулуш иштери жүрүп жатат;

- №35 С.Карыев атындагы орто мектебинин имараты ӨКМ тарабынан 2015-жылы жараксыз деп табылган. Ошол эле жылы 225 орунга ыңгайлашкан, сметалык баасы 41 млн 777 миң сомду түзгөн долбоор даярдалып, республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесине киргизилген. Анын негизинде 18 млн сом бөлүнүп, бирок калган каражаттын жоктугуна байланыштуу курулуш иштери токтоп калган. 2018-2019-жылдары кайрадан акча бөлүнүп, имарат ушул жылдын октябрь айында пайдаланууга берилери күтүлүп жатат.

Ал эми райондук маданият үйү республикалык бюджеттин эсебинен 746 миң сомго ушул жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан бала бакчалар:

- Жошолу айыл өкмөтүнүн Үч-Чат айылында 90 орундуу бала бакчанын сметалык баасы 35 млн 600 миң сом болгон долбоору түзүлүп, 2015-жылы республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинин тизмесине кирип, бирок каражат бөлүнбөгөндүгүнө байланыштуу курулуш иштери башталбай келген. 2019-жылы гана акча бөлүнүп, учурда курулушу иштери жүргүзүлүүдө;

- Буга чейин Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө бала бакчанын жоктугунан тургундар нааразычылыктарын айтып келишкен. Бир нече жолу долбоорлор даярдалган. Ушул жылы пайдаланылбай келген эски маданият үйүнүн имаратын бала бакчага берүү сунушу элдик жыйында талкуланган. Анын негизинде 50 орундуу, сметалык баасы 13 млн 700 миң сом болгон бала бакчанын долбоору түзүлүп, республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесине киргизүү үчүн документтер даярдалып, курулуш иштери башталуу алдында турат.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылып жаткан жумуштар:

- 2018-жылы Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Чоң-Бүлөлү айылындагы 60 орундуу №27 «Алтын түйүн» бала бакчасы курулуп баштаган. Ага 13 млн сом жумшалып, ушул жылы пайдаланууга берилди. Ошондой эле №36 Б.Нарматов атындагы орто мектебинин сметалык баасы 12 млн 700 миң сомдук спорт залы ушул жылы пайдаланууга берилди. Бүлөлү айыл өкмөтүнүн сметалык баасы 13 млн 700 миң сомдук имаратынын долбоору даярдалып, курулуш иштери башталган. Имарат сентябрь айынын соңунда пайдаланууга берилет;

- 2018-жылы К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Терек айылында 13 млн сомдук 50 орундуу бала бакчанын курулушу башталган. Ошондой эле Жерге-Тал айылында бала бакча ачуу үчүн 1 млн 500 миң сом бөлүнүп, бала бакча үчүн делген имарат оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ушул жылдын октябрь айында пайдалануга берилет. Айыл өкмөттүн Сопу-Коргон айылында сметалык баасы 4 млн 200 миң сом болгон футбол аянтчасынын курулушу жүрүп жатат;

- Будалык айыл өкмөтүнүн Кум-Шоро айылында сметалык баасы 6 млн 883 миң сомдук 30 орундуу бала бакча курулууда. Ушул эле айыл өкмөттүн Октябрь айылында сметалык баасы 2 млн 484 миң сомдук күрөш залынын курулуш бүткөрүлүп, зал ушул жылдын октябрь айында ачылат;

- Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Арча-Булак орто мектебинин имараты 2018-жылы пайдаланууга берилген, бирок мектептин спорт залы бүтпөй калып, быйыл сметалык баасы 9 млн 329 миң сомдук долбоор даярдалган. Спорт зал ноябрь айында пайдаланууга берилет. Ушул эле айылда сметалык баасы 3 млн 308 миң сомдук эмкананын курулушу бүткөрүлүп, 7-сентябрда пайдаланууга берилди. Ал эми Талды-Суу айылындагы бала бакчанын экинчи корпусу быйыл сметалык баасы 2 млн 662 миң сомду түзгөн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү;

- Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылында 60 орундуу, сметалык баасы 17 млн сомдук бала бакчанын курулушу 2018-жылы башталган. Ал быйыл октябрь айында пайдаланууга берилүү алдында турат.

Түрткү берүүчү гранттын эсебинен аткарылган иштер:

- Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн эмканасынын имараты сметалык баасы 1 млн 631 миң сомду түзгөн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Андан сырткары айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен кошумча 205 миң сом бөлүнүп берилип, эмканада толугу менен оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ушул жылдын август айында пайдаланууга берилди;

- Гүлчө айыл өкмөтүнүн №5 «Ак ниет» бала бакчасынын чатыры 1 млн 932 миң сомго толугу менен алмаштырылып, таза суу киргизилип, саркынды суулар чыгуучу жайы менен пайдаланууга берилди;

- Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн №23 М.Ташиев атындагы орто мектебинин ашканасынын сметалык баасы 3 млн 843 миң сомдук долбоору даярдалып, анын курулушуна 3 млн сом республикалык бюджеттен бөлүнсө, калган сумма айыл өкмөттүн бюджетинен каралган;

- Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылындагы Ш.Айткулов бала бакчасы сметалык баасы 1 млн 557 миң сом болгон капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Спорт тармагы

- Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылында Кыргызстандагы уюмдарды өнүктүрүү жана каржылоо агенттиги (АРИС) тарабынан бөлүнгөн 1 млн 45 миң сомго кичи футбол аянтчасынын курулушу жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө АРИС тарабынан берилген 1 млн 178 миң сомго спорт аянтчасы курулуп жатат.

Саламаттыкты сактоо тармагында

- Алай аймактык ооруканасынын алдында 45 орундуу, сметалык баасы 64 млн 327 миң сомду түзгөн балдар бөлүмү 2012-жылы республикалык бюджеттин эсебинен курулуп башталып, бирок жумуштар токтоп калган. 2018-2019-жылдары кайрадан каражат бөлүнүп, балдар бөлүмү ушул жылдын 21-августунда пайдаланууга берилди;

- Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратында республикалык бюджеттин эсебинен 880 миң сомго от казан, 1 млн 200 миң сомго саркынды сууларды чыгаруучу жай курулуп, жылытуу системасы алмаштырылып, 1 млн 700 миң сомго жер төлөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Аймакты интернет менен камсыздоо

- Райондо 63 айыл болсо, алардын ичинен 62 айыл интернетке туташтырылган. Мындан сырткары мектептер, ооруканалар, бала бакчалар, мамлекеттик ишканалар жана башка социалдык объектилер интернет менен камсыздалган.

Аймакты таза суу менен камсыздоо

Райондо 48 айылда таза суу чыгарылган, бирок бүгүнкү күндө 38 айыл гана таза суу менен камсыздалган. Калган 10 айылга тартылган таза суу жабдыктары иштен чыгып, жараксыз абалга келген. 2019-жылы президент С.Жээнбековдун бардык айылдарды таза суу менен камсыз кылуу талабынын негизинде аталган маселе райондук мамлекеттик администрация тарабынан колго алынган.

- 2015-жылы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылына сметалык баасы 40 млн сомду түзгөн долбоор даярдалып, бирок кабыл алынбай келген. Быйыл гана тургундардын кайрылууларынын негизинде айылга таза суу тартылып баштады;

- 2016-2017-жылдары Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 5 айылына сметалык баасы 76 млн 191 миң сомдук долбоор даярдалып, бирок каражаттын жоктугунан жумуштар аткарылбай келген. 2019-жылы долбоор кайра каралып, таза суу чыгаруу боюнча жумуштар жүрүп жатат;

- 2017-жылы Алай айыл өкмөтүнүн Таргалак айылында таза суу боюнча долбоор дарядалып, бирок каржыланган эмес. 2019-жылы долбоор кайра каралып, 5 млн 500 миң сом бөлүнгөн;

- Ленин айыл өкмөтүнүн Күң-Элек айылына таза суу тартуу боюнча долбоор даярдалып, 2020-жылдагы республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинин тизмесине киргизүүгө сунушталууда.

АРИС тарабынан каржыланган таза суу долбоорлору:

- Корул айыл өкмөтүндө 4 айылга сметалык баасы 69 млн 361 миң сомдук долбоор даярдалып, курулуш иштери башталды;

- Сары-Таш айыл өкмөтүнүн Сары-Таш айылына таза суу тартуу үчүн долбоор даярдалып, тендер өткөрүлүп, курулуш иштери башталуу алдында турат.

2019-жылы жалпы 13 айылды таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары айыл макамын алып, бирок тургундардын саны аз болгондуктан Көк-Суу, Кургак, Көк-Булак, Сары-Могол, Кызыл-Ой айылдарына таза суу тартыла элек.

Аймактагы айылдарды сугат суу менен камсыздоо

- Гүлчө айыл өкмөтүнүн Гүлчө айылында СССР учурунда курулган Семёновский каналынын эскилиги жетип, жашоочулар тарабынан жерлер сазга айланып жатат деген нааразычылыктар жаралып, 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 4 млн 150 миң сомго лотоктор алынып келген. 20-сентябрдан тартып аларды орнотуу иштери башталат;

- Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы насостук станция республикалык бюджеттин эсебинен 8 млн 500 миң сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди;

- Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Арча-Булак айылында 700 миң сомго 3 чакырым жерге суу түтүкчөлөрү алынып, ашар жолу менен курулуш иштери жүрүп жатат.

Аймактагы жолдорду куруу жана оңдоп-түзөө

- Өкмөттүн райондордун борборлорунун 3 чакырым жолуна асфальт төшөө боюнча тапшырмасынын негизинде республикалык бюджеттен Гүлчө айыл өкмөтүнүн Гүлчө айылынын ички жолдорунун 3 чакырымына асфальт төшөлсө, эң начар жол деп табылган Корул айыл өкмөтүндөгү 1 км, Жошолу айыл өкмөтүндөгү 2 км, Бүлөлү айыл өкмөтүндөгү 3 км, Будалык айыл өкмөтүндөгү 3 км жолго асфальт төшөлүп жатат (жалпы 12 км);

- Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү өздөрүнүн карамагындагы ички жолдорго жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен шагыл төктүрүп, айыл өкмөттөрдө 3 млн 500 миң сомдук жумуштар аткарылды;

- Ал эми Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 8 чакырым жолу көп жылдардан бери оңдолбой, №959 жол тейлөө ишканасынын балансына киргизилбей жүрүп, быйыл аталган ишкананын балансына алынып, бүгүнкү күндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн даярдыктар көрүлүүдө.

Жолдорду жарыктандыруу

- Район боюнча бардык айыл өкмөттөр өздөрүнүн негизги борбордук көчөлөрүн жана социалдык объектилер жайгашкан аймактарды жарыктандырышты. Жалпы 42,2 чакырым жолго жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү;

Гүлчө айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен Нарматов көчөсүн жарыктандырууга жана Гүлчө айылынын борбордук көчөлөрүнө түнкү декоративдүү жарыктарды, кыргыздын учкул сөздөрү жазылган көрнөк-жарнактарды орнотууга 1 млн 470 миң сом жумшалган.

Көрктөндүрүү иштери

- Район боюнча 214 чакырым арык тазаланып, 19 миң 708 бак-дарактын көчөттөрү отургузулган. Алардын ичинен 1 миң 267 түбү ийне жалбырактуу дарактын көчөттөрү. Мындан сырткары район боюнча 452 тонна таштанды чыгарылды, ага 14 миң 396 адам тартылган;

- Ал эми Сары-Таш—Эркештам жолуна баруучу жолдун айлампасындагы Алымбек датканын эстелигин жаңылоо жана эстеликтин алдындагы таштарды оңдоп-түзөө, гүл эгүү, сырдоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле Жеңиш сейил багын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө жана Корул, Коңур-Дөбө, Жошолу айыл өкмөттөрүнө баруучу жолдогу айлампаны боз үй түрүндө жасалгалоо, капиталдык оңдоп-түзөө иштерин өткөрүү үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен демөөрчүлөрдүн жардамы жана ашар жолу менен уюшулган жумуштарга 920 миң сом жумшалган. Мындан сырткары бардык айыл өкмөттөр өздөрүнүн аймагында көрктөндүрүү, тазалоо, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшкөн.

Кошумча жумуш орундарын түзүү

- Ушул жылдын май айында Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылып, 5 адам жумуш менен камсыз болду. Ага 1 млн сом бөлүнгөн;

- Бүлөлү айыл өкмөтүндө 1 млн сомго сүттү кайра иштетүүчү ишкана курулуп, август айынан бери 4 адам иштеп жатат;

- 2018-2019-жылдары инвестиция катары тартылган 69 млн сомго Сары-Могол айыл өкмөтүнүн аймагында «Ибрагимов Кеңешбек» көмүр казуу ишканасы ачылып, 70 адам жумуш орду менен камсыздалды;

- 2019-жылдын апрель айында Гүлчө айылында жеке ишкерлер тарабынан заманбап мал базар ачылып, 12 адам жумуш орду менен камсыздалды. Ушул эле айылда жеке ишкерлер тарабынан мал союучу жай ачылып, ал жакта 6 адам иштеп жатат;

- 2019-жылдын март айында Гүлчө айыл өкмөтүндө жеке ишкер тарабынан Гүлчө, Чакмак, Курманжан датка айылдарын байланыштырган маршруттук каттам ачылып, 12 адам жумуш менен камсыздалды;

- Ушул жылдын апрель айында Жошолу айыл өкмөтүндө жеке ишкер тарабынан шырдак тигүүчү цех ачылып, 5 адам жумуш менен камсыздалды;

- Мындан тышкары жай мезгилинде убактылуу эс алуучу жайлар ачылып, 500дөй адам жумуш менен камсыздалды.

Демөөрчүлөр жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы фонддор, коомдук бирикмелер

- Гүлчө айыл өкмөтүнүн Гүлчө айылынын кире беришиндеги арканын курулушуна 2017-жылы жергиликтүү бюджеттен 1 млн 400 миң сом жумшалып, бирок каражаттын тартыштыгына байланыштуу жумуштар токтоп калган. 2019-жылы жеке ишкер Примов Бердибай Примович тарабынан 6 млн 500 миң сом берилип, курулуш иштери уланып, жумуштар ушул айда бүткөрүлдү. Мындан сырткары Бердибай Примов тарабынан айылдын ичиндеги айрым көчөлөргө жарыктандыруу мамычаларына 750 миң сомдук жардам көрсөтүлдү. Андан тышкары Алай айыл өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылындагы райондук ички иштер бөлүмүнүн Сопу-Коргон бөлүмчөсүнүн имаратынын эскилиги жетип, авариялык абалда болгондуктан, Б.Примов тарабынан 2 млн 260 миң сом берилип, курулуш иштери жүргүзүлгөн. Имарат октябрь айында пайдаланууга берилери күтүлүүдө;

- Талды-Суу айыл өкмөтүнүн №41 С.Умарходжаева атындагы орто мектебинин чатыры кореялык «Койка» фонду тарабынан берилген 1 млн 680 сомго алмаштырылды;

- Жеке ишкерлер, мектеп бүтүрүүчүлөрү тарабынан район боюнча 3 млн 650 миң сомго ички жолдорго шагыл төгүлүп, жарыктандыруу иштери жүргүзүлүп, аз камсыз болгон 1 үй-бүлөгө турак үй курулду;

- 14 айыл өкмөттүн алдында атайын өнүктүрүү фонддору түзүлүп, алардын ичинен Жаңы-Алай жана Гүлчө айыл өкмөттөрүнүн эсебиндеги 2 млн 850 миң сомго Кадырмамат уулу Абдразак атындагы лицей-интернаттын жатаканасынын эшик-терезелери жаңыланып, айылдардын ички жолдоруна шагыл төгүлүүдө.

Жайыт маселеси

Район боюнча жалпы 336 миң 485 гектар жайыт жер бар. Алардын ичинен жарактуусу — 132 миң 374 гектар. Айылдык кеңештердин сессияларында 3 млн 35 миң сом жайыт акы чогултуу бекитилип, бүгүнкү күндө 2 млн 12 миң сом жайыт акы жыйналып, 66,3 пайыз жумуш аткарылды.

Асыл тукум малды жайылтуу

- Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылына 200 баш уяң жүндүү ак койлордун тукумун алып келип көбөйтүү максатында жумуштар жүргүзүлүүдө;

- Ири мүйүздүү малды асылдандыруу максатында быйыл абердин-ангус, герефорд, симментал тукумундагы 64 баш торпок алынып келип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сатылып, аларды көбөйтүү үчүн жумуштар аткарылууда.

Ветеринария багыты

- Алай райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын идентификация болгон малдарды базага киргизүү жана чыгаруу иштери үчүн мамлекет тарабынан 14 айыл өкмөткө бирден компьютер, экиден ноутбук, экиден чөнтөк телефон алынып берилген. Алар интернет менен камсыздалган. Мындан тышкары АРИС тарабынан ветеринардык кызматкерлерге техникалар алынып берилди;

- Айыл өкмөттөрдөгү малды алдын ала эмдөөдөн өткөрүүгө өз убагында вакциналар алынып, эмделип турат. Райондо малдарды идентификациядан өткөрүү үчүн айыл өкмөттөргө жыл башынан бери 52 миң 700 малдын кулагына тагуучу бирка бөлүнүп берилди.

Кооптуу аймактар

- Район боюнча 726 турак үй кооптуу аймакта жайгашкан деп табылган. Бүгүнкү күндө ал аймактардан 346 үй-бүлө көчүрүлүп, 380 үй-бүлө көчүрүлө элек. 83 үй-бүлө мамлекеттик жардам жана жер тилкелерин ала элек. 297 турак үйдүн ээлери мамлекеттик жардам жана жер тилкелерин алышкан, бирок кооптуу аймактагы үйлөрүнөн көчүшө элек. Аларга эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө;

- Суу ташкынынан, селден коргонуу максатында Гүлчө айылында 5 сел тосмо, Курманжан датка айылында 7 сел тосмо, 6 канал тазаланды. ӨКМден жалпы 879 даана габион суралган жана 196 габион берилген;

- Кооптуу аймактардагы жер көчкүнү болтурбоо максатында «Жашыл долбоор» программасынын алкагында жарака бар жер тилкелерге жаңгак, кара жыгач, карагайлардын көчөттөрү отургузулду;

- Мамлекеттик жардам жана жер тилкелерин ала элек 83 турак үйдүн ээлерине Жаңы-Алай айыл өкмөтүнөн трансформация болгон 46 гектар жерден мыйзамдуу жер тилкелерин бөлүп берүү каралууда. Мындан тышкары кооптуу аймакта жашаган тургундарды жаз мезгилинде убактылуу коопсуз жайга көчүрүү максатында 39 даана чатыр тигилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×