Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Чүй облусуМосква району 16.09.2019 13:48

Москва районунда кинолог-милиционер М.Түгөлбаев эскерилди

Turmush -  Москва районуна караштуу Предтеченко айылында Мирдин Түгөлбаев эскерилди.

Кинология борборунун кинолог-милиционери, милициянын улук сержанты Түгөлбаев Мирдин Жекшенбекович 2000-жылы 11-сентябрда Чаткал районунун Ак-Сай айылында куралдуу каракчылар менен 6 саатка созулган салгылашууда 24 жаш курагында курман болгон эле.

Аталган иш-чарага маркумдун ата-энеси, туугандары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кинология борборунун башчысы, милициянын полковниги Сергей Брюзгин жана кинология борборунун өздүк курамы, ошондой эле өз өмүрлөрүн тобокелге салып, эл-жер үчүн душмандар менен салгылашкан куралдаштары жана ошол кездеги курама отрядынын командири Кубанычбек Чомоков катышты. Иш-чарада мектеп окуучулары Мирдин жөнүндө ырларды окуп, көрүүчүлөрдүн көздөрүнөн жаш агызды.

Аталган мектеп 2001-жылдын 31-январынан тарта Мирдин Түгөлбаев атындагы орто мектеп болуп өзгөрүлгөн. Андан тышкары мектепте жыл сайын Мирдиндин каза болгон күнүндө ар кандай иш-чара өтүп турат. Бул жылы дагы иш-чарага кошумча мектеп окуучуларынын демилгеси менен фотостенд чыгарылган. Иш-чаранын соңунда Мирдинге арналып куран окутулуп, «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кинология борборунун өздүк курамы тарабынан Мирдин Түгөлбаевдин ата-энесине акчалай көмөк көргөзүлдү.

Мирдин Түгөлбаев 1976-жылдын 4-январында Чүй облусунун Москва районуна караштуу Предтеченко айылында төрөлүп, орто мектепти ушул эле айылдан окуп бүтүргөн. Мектепти аяктагандан кийин ИИМдин Ички аскерлеринин спорт ротасында кызматын өтөгөн. Дал ушул аскердик кызмат Мирдиндин келечектеги кесибин тандоого түрткү болгон. Ал аскердик милдетин аткаргандан кийин өзүнүн өскөн жериндеги милициянын күзөт бөлүмүндө кызмат өтөп, андан көп өтпөй эле Бишкек шаарындагы кинология борборуна кинолог-милиционер болуп орношкон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×