Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуКочкор району 16.09.2019 09:46

Кубакы ашуусундагы унаа кырсыктан 56 жаштагы аял жабыркады

Turmush -  Кочкор районундагы Кубакы ашуусунда жүк ташуучу унаалардын катышуусундагы кырсык катталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында болгон кырсыкка оор жүк ташуучу «ЗИЛ-130» үлгүсүндөгү унаа менен «Мерседес-Спринтер» үлгүсүндөгү унаа катышкан. Анын кесепетинен 1963-жылы туулган Ж.С. аттуу аял жабыркады. ӨКМдин куткаруучулары жабыркаган аялды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×