Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 14.09.2019 17:50 На русском

Сүрөт — Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган 3 аймакта курулуш иштерин жүргүзүүдө

Turmush -  Тажикстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы такталбаган аймактарында курулуш иштерин жүргүзүп жатат, деп билдиришти Turmush басылмасынын өздүк булактары.

Маалыматка караганда, курулуш иштери чек арадагы 3 аймакта жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жумуштар Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылына чектешкен жерде бүгүн, 14-сентябрь күнү саат 11:00дө башталган. Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү Тажикстандын аталган аймактагы жетекчилери менен курулуш иштерин токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө аракет кылып жатышат. Бирок эч кандай майнап чыга элек.

Андан тышкары Баткен району менен чектешкен Ворух анклавынын аймагында 2 өткөрүү бекетинин курулушу башталган. Анын бирөөсү Ворух анклавынын түштүк тарабында, Чурха-Баба аймагында курулууда. Экинчиси Ворух анклавынын чыгыш тарабында, Кыргызстандын Булак-Башы аймагына чектешкен жерде курулуп жатат. Айрым маалыматтарга караганда, курулуш иштери август айынын ортосунда башталган.

Андан тышкары Тажикстандын тургундары Баткен районунун Жака-Өрүк айылындагы Төрт-Көчө аймагында жүк ташуучу унаа менен шагыл төктүрүштү. Болжол менен алар курулуш иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×