Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусу, Нарын 14.09.2019 17:13 На русском

Сүрөт — Нарындагы веложарыш же 2 балалуу Сезимдин күтүүсүз жеңиши

1-орунду ээлеген Сезим Замирбекова
1-орунду ээлеген Сезим Замирбекова

Turmush -  Нарын шаарында өткөн веложарыштын жеңүүчүлөрүнө 9 велосипед тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 14-сентябрда Нарын шаарында 100гө чукул адамдын катышуусунда веложарыш өттү. Мелдеш — адамдарды сергек жашоого үндөө, ден соолукту чыңдоо жана велоспортту жайылтуу максатында уюштурулган. Жарышка Нарын шаарынын жана облустун аймактарынан келген жашы 18ден өткөн тургундар катышты.

Уюштуруучулардын бири Бакыт Жумагуловдун айтымында, иш-чара 2017-жылдан бери өткөрүлүп келет.

«Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл катышуучулардын саны көп. Жеңүүчүлөргө 9 велосипед жана акчалай сыйлыктар, ыраазычылык каттар тапшырылды. Баарына ыраазычылык билдирем. Алдыда дагы бир топ спорттук иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз. Кыргыздын унутта калып бара жаткан ордо оюнун жандандыруу максатында райондогу айылдар арасында мелдеш өткөрөлү деп жатабыз», - деди Б.Жумагулов.

Мелдеште Нарын шаарынын 25 жаштагы тургуну Сезим Замирбекова кыз-келиндер арасында биринчилерден болуп маарага келди. Ал веложарышка 2 күн даярданганын билдирди.

«Өзүм эки баланын апасымын. Буга чейин мындай жарыштарга катышмак турсун велосипед тээп көргөн эмесмин. Аталган жарыш жөнүндө угуп калып, 2 күн гана даярданып катыштым. Мындай даярдык менен жеңүүчү болом деп ойлогон эмесмин. Абдан сүйүнүп жатам. Буюрса кийинки мелдешке да сөзсүз катышам», - дейт жеңүүчү.

Кыз-келиндер арасындагы жеңүүчүлөр:

- 1-орун — Замирбекова Сезим;
- 2-орун — А.Казыбаева;
- 3-орун — Садык кызы Дарика.

18 жаштан 35 жашка чейинки мырзалар арасындагы жеңүүчүлөр:

- 1-орун — Арзыкул уулу Нурсултан;
- 2-орун — Арстанбек Орунчиев;
- 3-орун — Акылбек Мортуков.

35 жаштан жогорку мырзалар арасындагы жеңүүчүлөр:

- 1-орун — К.Бошубеков;
- 2-орун — А.Сыдыков;
- 3-орун — С. Токоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×