Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 14.09.2019 11:23

Билим берүү жана илим министринин орун басары ОшМУнун убактылуу ректору болуп дайындалды (өмүр баяны)

Turmush -  Ош мамлекеттик университетине убактылуу ректор дайындалды, деп билдиришти аталган окуу жайдан.

Билим берүү жана илим министринин №98 буйругунун негизинде Кудайберди Кожобеков ОшМУнун убактылуу ректору болуп дайындалып, бүгүн, 14-сентябрь күнү эмгек жамаатка тааныштырылды.

Өмүр баяны:

Кудайберди Кожобеков 1975-жылы 30-декабрда туулган. 1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин аяктаган. Физика-математика илимдеринин кандидаты (2009-ж.), доцент (2012-ж.).

- 1997-2002-жылдары ОшМУнун колдонмо математика жана информатика кафедрасынын окутуучусу;

- 2002-2007-жылдары ОшМУнун компьютердик технологиялар факультетинин деканынын орун басары, программалоо кафедрасынын улук окутуучусу;

- 2007-2011-жылдары ОшМУнун математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканынын окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, программалоо кафедрасынын доценти;

- 2011-2016-жылдары ОшМУнун окуу-маалыматтык департаментинин директору;

- 2016-2017-жылдары ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору;

- 2017-жылдын февраль айынан тартып Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеп келген.

ОшМУда ректорду окутуучулар шайлайт. Учурда шайлоо күнү белгисиз.

«Баракелде» басылмасы ОшМУнун мурдагы ректору Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болуп дайындалганын жазган. Тиешелүү жарлыкка 11-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Ал эми мурунку министр Гүлмира Кудайбердиева жаңы окуу жылы башталганда өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×