Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 16.09.2019 09:00

Араб өлкөлөрүнө кыргыз балын экспорттогон Нурлан Токобаев менен маек (сүрөт)

Turmush -  Экономика илимдеринин кандидаты, Эл аралык «Сommunity Leaders» программасынын Кыргызстандагы өкүлү, Эл аралык Кувейт университетинин доценти, 5 тилде эркин сүйлөгөн 32 жаштагы Нурлан Токобаев менен аймактык кабарчы маек курду.

Ал 2005-жылы Кара-Көл шаарындагы №2 Ч.Түлөбердиев атындагы мектепти бүтүргөн. Ошол эле жылы Бишкектеги Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетинин экономика бөлүмүнө тапшырып, аны 2010-жылы ийгиликтүү аяктаган. Студент кезиндеги окуудагы өзгөчө ийгиликтери, студенттик илимий жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн президенттин «ҮМҮТ» стипендиясына ээ болгон. Бир кыз, эки уулдун атасы. Келинчеги Н.Айтбаева университетте мугалим болуп эмгектенет.

- Нурлан мырза, экономика илимдеринин кандидаты болууга, илимдин аркасынан түшүүгө эмне түрткү болду?

- Университетти ийгиликтүү аяктасам да, алган билимиме канааттанбай, андан ары да өркүндөтүп, чет өлкөдөн билим алууну самадым. Максат коюп, анын арты менен чет тилин үйрөнүп, илимий конференцияларга катышып, даярдык көрө баштадым. Ошентип жүргөн күндөрүмдүн биринде илимий конференциядан профессор Жаркынай Мусаеванын окуган докладын угуп, кызыгып калдым. Көрсө ал Кыргызстандын агрардык экономикасын терең билген адис экен. Москва мамлекеттик университетин бүтүрүп, батыштан билим алып келиптир. Кыргызстан өткөөл мезгилде пландык экономикадан базар экономикасына өтүп жатканда чоң көйгөйлөрдүн үстүндө болгон, тажырыйбасы бай адис экенин билдим. Ошол учурда Жаркынай Мусаева Эл аралык Ата-Түрк Ала-Тоо университетинде аспирантура бөлүмүн жетектеп иштечү. Ошентип Жаркынай эжени өзүмдүн диссертацияма жетекчи кылуу максатында 2012-жылы Эл аралык Ата-Түрк Ала-Тоо университетинин экономика бөлүмүнө аспирантурага тапшырып, 28 жашымда 2015-жылы диссертацияны жактадым.

- Диссертация жактоо оңойго турбаса керек?

- Албетте, диссертацияны жактоо оңойго турган жок. Көптөгөн эмгекти, энергияны, убакытты, акчаны талап кылды. Илим жолуна кадам таштаган ар бир адам биринчиден өзү кызыгып, алдына чоң максат коюп, анын мүдөөсүнө толук чыгууга аракет кылуусу керек. Тандап жазган темасы да кызыктуу, жетекчи дагы өтө билимдүү, мотиватор болуусу зарыл. Себеби мен университетти бүткөн учурда үйлөнгөм, бир кызым бар болчу. Өтө көп кыйынчылыктар болду. Ал убакта мугалим болуп университетте иштечүм. Алган айлыгым тамак-ашка, батирге же жол киреме жетпейт эле. Улам батирден батирге көчүп жүрүп, диссертациямды жаздым. Ошол кыйынчылыктарда мени колдоп, кызыгуумду арттырып, түрткү берип, шыктандырып турган менин профессорум болду. Ошондой эле, жанымда ар дайым жөлөк болгон келинчегиме да рахмат айтып кетпесем болбойт. Бирок, жактап бүткөндөн кийин бул артта калган кыйынчылыктарым эч нерсеге татыган жок. Жактаган эмгегимен рахат алдым, бир топ ийгиликтер да жаралды. Мен жактаган тема Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу эле. Ошол учурда жетекчим Жаркынай Асановна менен (методика, оценка обеспечение продовольственной безопастности для развивающий стран с переходный экономики) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн коопсуздугун баалоо методикасын иштеп чыктык.

Ошол кезде Бүткүл дүйнөлүк банк жана М.В. Ломоносов атындагы ММУ менен биргеликте КМШ өлкөлөрүнүн арасында жаш окумуштууларга сынак жарыялады. Анан биз жогоруда иштеп чыккан методикабызды сунуштап, сынакка катышып, жеңип алдык. Андан кийин ММУнун агрардык экономика кафедрасынын прфессордук курамы менен бирге биз өзүбүз иштеп чыккан методиканы тааныштырып, КМШ өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун баалап, иш жүзүнө ашырдык. Анын негизинде ММУ бизге акт жазып берди. Анткени биздин методика ошол жакта иштелип, изилденип, мамлекеттер үчүн баалар берилген эле.

- Адис катары Кыргызстандын агрардык экономикасынын бүгүнкү күндөгү абалы туралуу айтып берсеңиз.

- Кыргызстан агрардык өлкө болуп саналат. Себеби, айыл чарба өлкөнүн негизги тармактарынын бири. Бирок, айыл чарба мамлекетибиздин эң негизги сектору болгону менен, чечилбей келген бир топ маселелер бар. Алсак, өнүккөн АКШ, Канада, Англия, Япония жана Түштүк Кореяда калктын 2-5% гана айыл чарбада эмгектенишсе, Орто Азия мамлекеттеринде бул көрсөткүч 20-52%ды түзөт. Тагыраак айтканда, Тажикстанда - 52%, Өзбекстанда - 22%, ал эми Кыргызстанда - 27%. Албетте, Орто Азия өлкөлөрүндөгү мындай жогорку көрсөткүчтөр айыл чарба тармагы алсыз жана өлкөнүн жакыр экенин айгинелейт. Себеби, жаңы «экономикалык өнүгүү» концепциясынын жактоочулары «өлкөнүн айыл чарба тармагында эмгектенген калктын көлөмү 40–70%ды түзсө, анда ал жакыр өлкө» деп эсептешет.

Ал эми, өлкөбүз мындан 28 жыл мурун эгемендүүлүккө жетти. Ырас, 28 жылдын ичинде экономикалык жана саясий жактан бир топ өзгөрүүлөр болуп, улам жаңы стратегия, жаңы программалар алмашып, Кыргызстандагы айыл-чарба тармагы кыйла кыйынчылыктарды баштан кечирди жана да кечирип келүүдө. Көп жылдардан бери бирдиктүү жана эффетивдүү иштеп келе жаткан «колхоз, совхоз» аттуу ири ишканаларды ыдыратып, майдалап, билимсиз элге жана тажрыйбасыз жеке ишкерлерге мамлекеттик жер тилкелерди жана мал-жандыктарды акча тараткандай адилетсиз таратып, мамлекетибиздин экономикасынын солгундоосуна чоң жол ачты. Ошондон улам айыл чарба чөйрөсүндөгү жеке сектор мамлекет тараптан колдоосуз өзү менен өзү калды. Өндүрүштү, кайра иштетүүнү, сатууну жана экономикалык кызматтарды да жеке баарын өзү аткарып, чыныгы билимдин жана заманбап технологиялардын жетишсиздигинен улам, эффективдүүлүгүн жоготуп, бүгүнкү күнгө чейин айыл чарба сектору атаандаштыкка туруштук бере албай келет. Кыргызстанда майда өндүрүш деген көйгөй жаралды.

Бүгүнкү күндө мамлекетибизде жергиликтүү айыл чарба ишканалардын атаандаштыкка туруштук бере ала турган даяр өндүрүм тамак-аш продукциялары жокко эсе. Ошондой эле, айыл чарба ири ишканаларыбыздын жетишсиздиги жана мамлекетибиздеги бир канча айыл чарба кооперативдери эффективдүү иштей албай, 28 жылдан бери фермерлердин башын бириктирүү менен убара жана максатсыз болгондуктан, мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу деңгээли жылдан-жылга төмөндөп жатканы баарыбызды тынчсыздандырууда. Бул албетте элибиздин да, мамлекетибиздин да жүрөгүн өйө турган көйгөй.

- Эмне себептен Кыргызстанда кооператив, ассоциациялар рынок экономикасында эффективдүү иштей албай жатышат?

- Менимче мамлекетибизде кооперация, ассоциациялардын рынок экономикасында эффективдүү иштей албай жатканына билимдүү жаш кадрлардын жетишсиздиги, кыргыз элинин бири-бирине болгон баш ийбестик жана сыйлабастык менталитеттери, жеке ишкерлердин бири-бирин көрө албастыгы жана башка ушул сыяктуу нерселер тоскоолдук жаратып келет. Ошондой эле, өтө белгилеп кетчү эң негизги себептердин бири – кандайдыр бир адам фермерлердин башын бириктирүү максатында кооператив же ассоциация түзүп, фермерлерди биригүүгө, кеңейтүүгө чакырса, фермерлер: «Бул адам бизди бириктирип, бизди башкарганы турат» - деген, СССР калыптанып калган стереотиптер фермерлердин биригүүcүнө тоскоол болууда. Анын үстүнө, мамлекетибиз өз тизгинин өз колуна алып, эгемендүүлүктү алгандан тарта, элита саясатчыларыбыз улам жаңы программа, стратегиялар менен сугарып, кайра-кайра алдап жатып, эл эч кимге ишенбей калды. Ал эми, чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларына кайрылсак, аларда кооперативдер башкаруу эмес, тескерисинче фермерлерге кызмат көрсөтүү стереотиптери калыптанган.

- Нурлан мырза, мындан сырткары кыргыздын балын араб өлкөлөрүнө экспорттоп келесиз. Бул туралуу айтып берсеңиз?

- Туура айтасыз. Биз кыргыз балын араб өлкөлөрүнө экспортко чыгарып келебиз. Себеби, Кыргызстандын балы дүйнө жүзү боюнча 1-орунду бир канча жылдан бери бербей, өзүнүн уникалдуулугун тастыктап келет. Ошондой эле, акыркы жылдары кыргыз балын дүйнө жүзү Кыргызстандын бренди катары таанып баштады.
Ушул жылдын апрель айында Катар мамлекетинде болуп өткөн дүйнөлүк «AGRITEQ-2019» жарманкеге кыргыздын сапаттуу ак жана жашыл балын чыгарып келдик. Жарманкеде биздин уникалдуу жашыл түстөгү балыбыз араб дүйнөсүн таң калтырып, кыргыз балын араб өлкөлөрүнө экспорттоого чоң мүмкүнчүлүктөр ачылды.

- Сиз тажрыйба алмашып, иш сапар менен чет өлкөлөргө көп чыгат экенсиз, чет жерде билим алган кыргыз жаштарына көз карашыңыз кандай?

- Чет өлкөлөргө конференция, иш-сапарлар менен чыгып калганда көптөгөн кыргыздын таланттуу, билимдүү жаштарына жолугуп калам. Өкүнүчтүүсү, алардын көпчүлүгү Кыргызстага келгиси жок. Себеби, чет өлкөдө билим алган таланттуу, билимдүү жаштарды кызыктырган мамлекет тараптан аларга колдоо көрсөткөн туура саясат жокко эсе. Ошондой эле, акчалары көп Кыргызстандагы чоңдордун балдары да билим алышат. Мисал катары айтсам, Малайзияда магистратурада окуп жүргөн экономист кыргыз балдарга жолугуп калдым. Анан, сүйүнүп, алар менен Кыргызстандагы болуп жаткан экономикалык абалды, маселелерди талкуулап, пикир алмашкым келди. Бирок, алардын Кыргызстандын экономикасы боюнча ой жүгүртүүсү мени таң калтырды.

Айтайын дегеним, англис тилин билгени эле болбосо, билим деңгээли төмөн, максаты жок, өлкөбүздөгү болуп жаткан көйгөйлөргө кайдыгер экен. Сыртынан акчалары көп, чоңдун балдары экени көрүнүп турат. Өкүнүчтүүсү, ошолордун көпчүлүгү кайра Кыргызстанга келип, чоң жерлерде иштеген ата-энелери аркылуу чет өлкөдө билим алып келди деген ат менен жоопкерчиликтүү кызматтарды ээлеп отурушат. Ал эми, карапайым, таанышы жок, талантуу, билимдүү, өзүнүн кесибин мыкты билген жаштарыбыз көмүскөдө калып, айласы жоктон Кыргызстанда өзүнүн ордун таба албай, чет жакка кетип же болбосо дүйнөлүк деңгээлдеги чоң-чоң корпорациялар өздөрүнө тартып, алардын идеяларын, таланттарын жана билимдерин колдонуп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×