Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 13.09.2019 16:50

Кадамжайдагы окуучуларга кылмыштуулуктан алыс болуу эскертилди

Turmush -  Кадамжай районунда «Салам, мектеп» иш-чарасы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору ата-энелер, мектеп окуучулары менен жолугушуп, ар бир окуучунун жүрүм-туруму чогуу көзөмөлдөнө турганын билдиришти. Өспүрүмдөр менен жекече баарлашып, кылмыштуулуктан алыс жүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чара учурунда КРнын Бузуулар кодексинин 53-беренеси боюнча (тыюу салынган жерлерде тамеки заттарын чегүү, коомдук жерлерде жалпы кабыл алынган жүрүм-турум ченемдерин бузуу) 2 өспүрүмгө, 81-беренесине (коомдук жайларда психотроптук заттарды колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү) ылайык 2 балага протоколдор түзүлдү.

Кадамжай районунун аймагында жалпысынан 83 мектеп бар. Рейд учурунда мектепке барбай калган балдар аныкталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×