Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 13.09.2019 12:53

ОшТУнун лицейинде окуучуларга ысык тамак берилүүдө

Turmush -  Жаңы окуу жылында Ош технологиялык университетинин алдында түзүлгөн лицейдин окуучуларына түшкү тамактануу учурунда ысык тамак берилүүдө. Бул тууралуу ОшТУдан билдиришти.

Демилге лицейдин мугалимдери тарабынан көтөрүлүп, ОшТУнун жетекчилигинин жана ата-энелердин колдоосун тапкан. Бүгүнкү күндө лицейде 70тен ашуун окуучу 8-9-10-11-класстарда билим алышат. Алыскы райондордон келген окуучулар жатакана менен камсыз болушкан. Жакынкы күндөрү жатаканада жашаган окуучулар үчүн дагы кечки тамак уюштуруу пландалууда.

«Иш-чаранын негизги максаты – окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун жогорулатуу жана ден соолугуна кам көрүү. Билим үчүн азык керек. Бир маал ысык тамак ичкен окуучулар сабакка жакшы көңүл бурушуп, жетишүүсү үч-төрт эсе жогорулайт. Балдардын дени сак, акылы тунук болот», - деп айтылат ОшТУнун маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×