Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.09.2019 11:36 На русском

Жеке ишкер прокуратуранын кысымына кабылганын айтып чыкты. Мекеменин жообу кандай? Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жеке ишкерлик менен алектенген Бакыт Борошов облустун мурунку прокурорунун жана шаардын прокурорунун үстүнөн Башкы прокуратурага арыздангандан кийин ага кысым көрсөтүлүп жаткандыгын айтып чыкты. Бул тууралуу ишкер АКИпресс—Жалал-Абад маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ал Башкы прокуратурага жана президентке шаардагы ишкерлерге кысым болуп жаткандыктан жана бир катар мыйзамсыз аракеттер болгондуктан кайрылган.

«Прокуратура 2018-жылы өздөрүнүн менчик жерине көп кабаттуу үй куруп баштаган эки курулуш компаниянын үстүнөн өзүм билемдик беренеси менен кылмыш ишин козгоду. 2019-жылдын башында күчүнө кирген жаңы кодекстер боюнча өзүм билемдик беренеси кылмыш иши катары каралбай калды. Бул иш автоматтык түрдө токтотулушу керек болчу. Биз жаңы күчүнө кирген кодекстерге ылайык Жалал-Абад шаарынын прокуроруна, облустун прокуроруна кайрылганыбызга карабай, ишти үч ай кыскартпай, кайра «бул ишти кыскартууга негиз жок» деп айтышты. Жеке пикиримде, алар кылмыш иш бар деген негизде бизге кысым көрсөтүп, акча үмүт кылышты. Албетте, алар түз сурай алышпайт, алардын көзөмөлүндөгү тармактар аркылуу аракет кылышат. Биз дагы тыйын берген жокпуз. Анан эле бизди сотко берүүгө аракет жасап башташты. Мыйзам боюнча прокуратура жеке ишкерлерди сотко бере албайт. Ушул сыяктуу маселелерден улам алардын үстүнөн арыздансам, мага кысым көрсөтүлүп, мен иштеткен фирмаларды текшерип башташты», - деди ал.

Анын арыздануусунан улам учурда Башкы прокуратура тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Ошондой эле ал көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан компаниялардын ишин тийиштүү тараптар мыйзамсыз деп табуу боюнча сотко кайрылуулар болгонун, мыйзамсыз жүрүп жатканы сынга алынып жатканын, ошол эле тапта облустук прокуратура деле буфердүү аймакка 3 кабаттуу имарат курганын айтууда.

«Курулуш компаниялар курулуштарын токтотушсун деп жатышат. Ишкерлерге болбойт, ал эми облустук прокуратура 3 кабаттуу имарат тургузса боло берет. Мыйзам баарыбызга бирдей болушу керек», - деди ал.

Мүлк фондунун алдындагы «Элдик» ишканасы менен ал жетектеген «Жалал-Абад заводу» ЖЧКнын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча талаш жаралып келет. Бул маселе боюнча облустук прокуратуранын сотко кайрылуусун мыйзамсыз деп эсептейт.

«Туура, курулуш тетиктерди чыгаруучу цехке айына 700 миң сомдон ашык ижара акы төлөө келишимин түзгөнбүз. Мекемедегилер завод эң сонун абалда дешкен. Көрсө алар бизге «өлүк» жайды беришиптир, талкаланып, тонолгон, айланасы дээрлик каралбай калган, айткандары тескерисинче болуп чыкты. Анан биз «силер айткандай абалда эмес экен, айына 200 миң сомдон төлөйбүз» деп айтканбыз, ошол тыйынды которуп келе жатабыз. Миллиондогон акчаларды заводго жумшап, ишин жанданттык. Ишкана иштеп, гүлдөп, пайда көрүп калганда кызыккандар көбөйдү. Облустук прокуратура мамлекеттин кызыкчылыгын көздөө максатында деп бизди сотко беришкен. Алардын сотко берүүсү таптакыр мыйзамсыз, доогер катары катышууга укуктары бар. Мекемедегилер сотко беришсе жарашмак. Бул жай иштебей, кароосуз калганда эмнеге талап кылышкан жок. Эмне себептен азыр иш жакшы жолго коюлганда реакция кылып жатышат? Жоопсуз суроолор көп», - деди ишкер.

Ошондой эле ал өлкө башчыга кайрылып: «Ишкерлерге тийбегиле, шарт түзгүлө деп жатасыз. Бирок кээ бир органдар бут тосууга аракет кылып жатышат. Бизге насыя, мамлекеттик кепилдиктин кереги жок. Бир гана бут тоспоону өтүнөбүз», - деди.

Келишимге ылайык мөөнөтү бүткөн заводду кайтаруудан баш тартып жатышынын себеби бар экенин белгилөөдө. Анын пикиринде, завод «Элдик» ишканага өткөрүлгөнү менен азыркыдай өнүгүп кете албайт.

«Биз заводду берсек, кайрадан талкаланып, тонолуп жок болуп кетет. Биз ушул нерсеге жол бергибиз келбей турат. Мисалы, объекттерди башкарып турган мекеме өздөрү иштетип жаткан объекттердин бири да толук кандуу иштебей турат. Аларга өтсө, жок болот. Биз барганда 43 жумушчу болсо, азыр алардын саны 105 адамга жетти. Алар үчүн бир маал ысык тамак уюштурулган. Салык төлөө боюнча да алдыда келе жатабыз», - деди Б.Борошов.

Ал эми облустук прокуратуранын билдирүүсүндө, ишкердин айткандары чындыкка дал келбейт.

«Эки курулуш компаниясына карата кылмыш иш Жалал-Абад ШИИБ тарабынан козголгон. Иш 2019-жылдын март айында кыскарган. Бул үчүн тийиштүү кызматкерлер эскертүү алган. Прокуратура ишкерлердин ишине кийгилише албайт. Ал эми «Элдик» ишканасы менен «Жалал-Абад заводу ЖБИ» боюнча мекеменин жетекчилиги бизге кайрылышкан. Мекемеге көмөк берүү, мамлекеттин кызыкчылыгын колдоп, 16 миллион сомду өндүрүү үчүн сотко доо арыз берилген. Жарандык процесстик кодексинин 48-беренесине ылайык кайрылууга болот. Биздин доо арызды облустук, райондор аралык сот карап жатат. Эгер мыйзам бузуучулук болсо, сот дагы артка кайтармак», - деп билдиришти прокуратурадан.

Курулушу бүтөйүн деп калган имараттын документтери 2016-жылы алынган. Мамлекеттик экспертизадан өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×