Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуАраван району 13.09.2019 17:59 На русском

Кыздар менен туулган күнүн белгилеген жигит кырсыкка кабылып, 3 адам мерт кеткен. Кичүүсү 2 айлык наристе. Видео

Turmush -  Араван райондук соту 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсык боюнча козголгон кылмыш иштин материалдарын карап чыкты. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Арсен (аты өзгөртүлдү, Ж.А.Ы.) 1997-жылы туулган, Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын тургуну. Ал Жазык кодексинин 297-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 135-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун (Этиятсыздыктан 2 же андан көп адамды өлтүрүү) негизинде айыпталган. Арсендин баш коргоо чарасы ушул жылдын 6-июнунда тандалып, үй камагына алынган.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, Арсен 7-май күнү болжол менен саат 16:30 чамасында Ош—Араван унаа жолунда «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып жол кырсыкка кабылган. Ал жол эрежесин бузуп, унаасы менен карама-каршы тилкеге чыкканда «ВАЗ 2106» унаасы менен бет маңдай кагышкан. Анын кесепетинен «Тойота» унаасынын жүргүнчүлөрү — 2000-жылы туулган 2 кыз ооруканага жеткирилген. Окуя Ош—Араван жолунун 16-чакырымында, тактап айтканда цемент заводдун жанында болгон.

Ал эми карама-каршы тилкедеги «ВАЗ 2106» унаасын 49 жаштагы Ж.Мамасали башкарып жүргөн. Унаада 6 жүргүнчү, алардын ичинде 2019-жылы төрөлгөн наристе дагы бар болчу. Алардын баарын ооруканага жеткиришкен. Бирок оор жаракат алган айдоочу Мамасали, 1 жүргүнчү жана 2 айлык наристе ооруканада каза болгон.

Сот отурумунда айыпталуучу Арсен күнөөсүн мойнуна алып, окуя болгон күнү алдыда бара жаткан унаадан ашып өтүү үчүн карама-каршы тилкеге чыкканын билдирди. Ал жабырлануучу тараптын өкүлдөрү милицияга тосмо арыз жазганын, ошондуктан ага өтө оор эмес жаза берүүнү суранды. Сот отурумунда Арсен күнөөсүн мойнуна алган макулдашууга кол койгону да белгилүү болду.

«ВАЗ 2106» унаасынын каза болгон айдоочусунун уулу окуя болгон учурда Россияда иштеп жүргөнүн айтты. Ага туугандары телефон чалып, атасы жол кырсыктан каза болгонун билдиришкен. Ошондой эле ал айыпталуучу Арсен келтирилген материалдык зыянды төлөп бергенин, үй-бүлөсү аны кечиргенин кошумчалады.

Жол кырсыктан каза болгон 2 маркумдун жана жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрү дагы Арсенге карата доосу жок экенин билдиришти.

Ал эми «Тойота» унаасында бара жаткан кыздардын бири окуя болгон күнү Арсенди туулган күнү менен куттуктап коюу үчүн курбусу менен Ош шаарынан Гүлбаар айылына барышканын айтты. Алар Арсендин унаасы менен Араванга чыгышкан. Арсен унаасы менен карама-каршы тилкеге чыккан учур гана эсинде экенин айтып, ооруканада өзүнө келгенин кошумчалады.

Отурумдун жыйынтыгында Араван райондук соту эки тарап элдешкенине байланыштуу Жазык кодексинин 297-беренисинин негизинде (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) козголгон кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартты. Бирок 135-берененин негизинде Арсенди күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыратты.

Соттун чечими ушул жылдын 26-августунда кабыл алынган. Тараптар апелляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттана алышат.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош—Араван жолундагы кырсыктан 3 адам каза болгонун, арасында 2 айлык наристе бар экенин жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×