Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.09.2019 09:03

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Р.Ашымканова элетте кирешелүү бизнес түптөдү (сүрөт)

Turmush -  Жети-Ѳгүз районуна караштуу Саруу айылынын 65 жаштагы тургуну Рапия Ашымканова чакан ишкана түптөп, элеттеги кыз-келиндерди иш менен камсыздады. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 11 жылдан бери кол өнөрчүлүктү аркалап келет.

«Бала кезимде эле апамдын жардамы менен оймо түшүргөндү үйрөнгөм. Кол өнөрчүлүк менин экинчи кесибим болуп калды. Турмушка чыккандан кийин айылда ким кийиз жасаса мени чакырышчу. Кийин жип ийрип, шырдакка жээк салууга кайын энем көмөктөшүп, анын чеберчилигинен да сабак алдым.

Ошентип, 2008-жылы чакан ишкана түздүк. Эмгегибиздин акыбети кайтып, бүгүнкү күндө ишканабыздын орду кеӊейди. Азыр жүндү кайра иштетип, ар кандай оюнчуктун түрүн, бут кийим, шырдак, кийиздерди, баш кийим жана башка буюмдарды даярдайбыз. Мындан тышкары, буйрутма алып, кыздардын себин камдап беребиз. Кол өнөрчүлүк элет жери үчүн кирешелүү ишкерчиликтин бири экен. Ар бир адам өзүнүн эмгегине жараша маяна алышат», - деди Р. Ашымканова.

Ишканада эмгектенген Алмагүл Абдраеванын айтымында, ар бир буюм сапаттуу жасалат.

«Жүндөн бир шуру жасаш үчүн 1 күндүк эмгек талап кылынат. Ошого жараша сапатка басым жасап, кардарлардын көӊүлүнө жараша буйрутманы аткарабыз. Менимче кол өнөрчүлүккө өзүнчө кызыгуу жана шык керек. Биз болсо бардык буюмдарды сапаттуу жасоо үчүн өлчөп, ченеп, таразага тартып, анан ишти баштайбыз. 10 жылдан ашык убакыттан бери иштеп, үй-бүлө багууга жардам берип жатам», - деди А.Абдраева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×