Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 12.09.2019 13:58 На русском

«150 миң сом сунушташты»: Мектептин алдында бычакталган Саматтын атасы

Turmush -  Ош шаарында бычакталып өлтүрүлгөн окуучунун ата-энеси жергиликтүү милиция кызматкерлерине нааразы. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маркумдун атасы Чыңгыз Акматов өзү билдирди.

Ал тергөө иштери акыйкаттуу жүрбөй жатканын жана шектүүлөрдүн ата-энеси ага акча сунушташканын айтууда.

«Уулум бычакталган учурда 3 бала болгон. Анан алар бир унаага отуруп качышкан. 1 айдан кийин унаанын айдоочусу интернет сайт аркылуу унаасын сатып жаткан учурда ыкчам тергөө тобу тарабынан кармалган. Бирок тергөө иштеринен натыйжа чыкпай жатат. 2 баланы соттон суранып жатып убактылуу кармоочу жайга каматтык. Милиция кызматкерлерине ишенбей калдык. Бизге балдардын ата-энеси, жакындары келип 150 миң сом акча сунушташты. Алар тосмо арыз жазып берүүнү суранышты. Ушул кантип болсун? Алар мага "3 тергөөчүнү жайгардык, төртүнчүсүнө акчабыз жетпей калды" деп айтышты. Анан калса кылмыш кылган 3 бала медреседе окушат деп маалымат таратышкан. Алар медреседе окубай эле, бирөө №9 А.Рудаки орто мектебинде, экөө балам окуган Кыргызстандын 40 жылдыгы орто мектебинде окушчу экен», - деди Ч.Акматов.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кылмыш иши ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлгөнүн билдирди.

Ош шаарындагы А.Рудаки орто мектебинин директору Манзура Асланова кылмышка шектелип жаткан 1 окуучу аталган мектепте сырттан окуп жүргөнүн тастыктады.

Буга чейин Turmush басылмасы ушул жылдын 30-май күнү Ош облустук балдар ооруканасында 2004-жылы туулган окуучу бала көз жумганын жазган.

Ал Ош шаарындагы Кыргызстандын 40 жылдыгы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Самат экени аныкталган. Окуя Самат окуган мектептин алдында болгон. Кыргызстандын 40 жылдыгы мектебинин директору Татьяна Хореванын айтымында, маркум сабактарды жакшы окугандыктан бардык сынактардан бошотулган. Бирок Самат «бүгүн менин классташтарым экзамен тапшырышат. Мен аларга колдоо көрсөтүшүм керек» деп атасынан суранып, мектепке келген.

«Спорттун бокс түрү менен машыгып, мектептин сыймыгы болчу. Ал бардык сабактарды “5” деген баага окугандыктан сынактардан бошотконбуз. Азыр эле атасы менен сүйлөштүм. Атасынын айтымында, ал “сен экзамендерден бошотулбадың беле, барбай эле койбойсуңбу” десе, уулу "классташтарыма колдоо көрсөтүшүм керек» деп мектепке келиптир», - деген Татьяна Хорева.

Каза болгон өспүрүм окуган мектептин күзөтчүсүнүн айтымында, Самат ичин кармап, мектептин короосуна араң кирип, отуруп калган.

31-май күнү маркум окуучунун туугандары АКИпресс-Ошто маалымат жыйын өткөрүшкөн.
Алар Саматтын өлүмүнүн анык себеби аныкталбаса, ар кандай кадамга бара тургандыктарын айтышкан.

Маркумдун чоң апасы Айжаркын Мияшева Самат үй-бүлөдө төрт бир туугандын эң улуусу экенин жана апасы Россияда иштеп жүргөнүн айткан.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×