Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусуАраван району 12.09.2019 12:41 На русском

Чек арадагы талаш: Кыргызстан менен Өзбекстан жер тилкелерин алмашкан

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кыргызстан менен Өзбекстан чек арага жакын жер тилкелери менен алмашты. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы билдирди.

Анын айтымында, Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүндөгү Керкидан суу сактагычынын аймагындагы Кыргызстандын 407 гектар жери Өзбекстандын Араван районунун Гүлбаар айылы менен чектешкен жерине алмаштырылган.

«Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча комиссиянын мүчөсү. Анын маалыматына караганда, эки тарап алмашкан жер тилкелери бирдей көлөмдө. Биз 407 гектар жерди берсек, өзбек тарап да бизге ошончо жер берген», - деди Н.Кадырбек кызы.

Гүлбаар айылы Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн карамагында. Өзбекстан тарабынан берилген жер Ош—Араван унаа жолунун боюнан орун алган. Буга чейин аталган аймак зым тосмолор менен тосулган. Бирок жердин демаркациясы бүткөндөн кийин зым тосмолор жылдырыла турганын Араван районун акими Курбанбек Айтибаев билдирди.

Буга чейин Turmush басылмасы Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан айылында, тактап айтканда Өзбекстан тарабынан тосулуп жаткан жер тилкеде жергиликтүү тургундар нааразычлык билдирип чыгышканын жазган.

10-сентябрь күнү Керкидан суу сактагычынын аймагында Өзбекстандын аскерлери өздөрүнө тиешелүү жер тилкесин тосуп баштаган. Ага жергиликтүү тургундар нааразы болуп чыгышкан. Окуя болгон жерге барган Араван районунун акими кечээ, 11-сентябрь күнү чек арадагы абал туруктуу экенин билдирген.

«Чек ара маселеси мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе. Керкидан суу сактагычынын айланасындагы жер тилкени Өзбекстан тарап тосо баштаган. Тосулуп жаткан жердин делимитациясы (эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу чек араны аныктоо) бүткөн, демаркациясы (чек ара белгилерин орнотуу) гана калган. Кечээ кечинде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен Керкиданга барып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тынчтандырганбыз. Учурда абал тынч, Өзбекстан тараптан тосулуп жаткан жерде эч ким жок», - деген К.Айтибаев.

Видео социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан жарыяланган

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×