Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуНоокат району 12.09.2019 18:28

Голливуддагы эң кирешелүү тасманын каармандарынын айкелин жасаган скульптор Улан Жусупов. Видео

Turmush -  Ноокат районунун 30 жаштагы тургуну Улан Жусупов 10 жылдан бери скульптор болуп эмгектенет. Ал кичинекей кезинен эле сүрөт тартууга кызыгып, кийинчерээк чоподон сүрөттөрдөгү жаныбарлардын сөлөкөтүн жасап баштаганын айтты. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

У.Жусуповдун айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда скульпторлук өнөргө кызыккандар аз. Ошондой болсо да ага буйрутма бергендер жок эмес. Улан мырза учурда учактын макетин жасап жатканын билдирди.

«Устаканада эки киши иштейбиз. Азыр Ош шаарындагы авиакассалардын биринин кеңсеси үчүн учактын макетин жасап жатабыз. Бул кесип кылдаттыкты талап кылат. Учакты жасоого 2 айдан ашык убакыт кетти. Полистирол деген материалдан жасалды. Узундугу 3 метр. Азыр сырдоо иштери калды. Керектүү материалдарды Түркиядан буйрутма менен алдырдык. Учакты жасоодо жалпы 50 миң сомдой каражат кетти. Аны электр тогуна туташтырса, түндө чыныгы учактын жарыктарындай болуп күйүп турат. Андан сырткары Токтогул шаарындагы бала бакчалардын бирине оргума жасап жатабыз. Бала бакча үчүн болгондуктан атайын пилдердин сөлөкөтү түшүрүлүп жасалууда. Аны жасоого 15 күн кетти. Буюрса даяр болуп калды», - деди У.Жусупов.

Ал буга чейин Ноокат шаарынын Ленин көчөсүндөгү кызыл алманын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата улуттук оюндарды чагылдырган макеттерди жасаган.

«Насирдин Исанов атындагы сейил бакка "Манас" эпосундагы каармандардын айкелдерин жасагам. "Сулайман-Тоо" музейине Оштун байыркы көрүнүшүн чагылдырган макет жасап бердим. Ош шаарындагы кафелердин бирине кыз-жигиттин макетин жасаганбыз. Өзүң жасаган эмгектериңди көргөндө ага болгон элдин мамилесине көңүл бөлөсүң. Адамдардын экспонаттарга, макеттерге аяр мамиле жасашын каалайсың, бирок кээде макеттерди сындырып, айкелдердин үстүнө буту менен чыкканын көргөндө кадимкидей жүрөгүң ооруйт. Ар бир жасалган буюмга айлап, керек болсо жылдап убакыт коротосуң», - дейт скульптор.

У.Жусупов алгачкы жолу 8-класста окуп жүргөндө баласын артына көтөрүп турган эненин айкелин жасап, Ош облусу боюнча өткөн сынакта 2-орунду алганын кошумчалады. Келечекте сейил бак ачып, анын ичин өз колу менен жасаган экспонаттарга толтурсам дейт.

«Окуу жайды аяктагандан кийин скульпторлордун кол алдында жумушчу болуп иштеп жүрдүм. Бирөөнүн идеясы менен иштөө кыйын. Өзүңдүн фантазияң менен иштесең ырахат аласың. Түркияда иштеп жүрдүм. Сейил бактарга жомоктогу каармандарды жасадык. Ал жактан көптү үйрөндүм. Чет өлкөдө скульпторлорго суроо-талап жогору. Жумушсуз калбайсың. Азыр устакананын ижара акысын төлөөдө кыйынчылык жаралууда. Ошондуктан Жапалак кичи районунда досумдун курулушу бүтө элек үйүндө иштеп жатам. Пландарым көп», - деди У.Жунусов.

Голливуддун тасмаларындагы каармандарды дагы жасаган У.Жунусов 2011-жылы Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт академиясын аяктаган. 2011-2014-жылдары аспирантурада окуган. Учурда буйрутма алып, айкел, макет жасоодон тышкары Ноокат шаарындагы көркөм сүрөт мектебинде мугалим болуп эмгектенет. Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы.

Маалымат:

«Өч алуучулар: Финал» («Мстители:Финал») тасмасы 2019-жылдагы эң кирешелүү тасма деп табылган. Анын жаратуучулары дүйнөлүк сатыкта 2,8 млрд доллар киреше тапкан. Тасманын бет ачары ушул жылдын 22-апрелинде АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн. Ал Халк, Темир адам (Железный человек), Жөргөмүш адам (Человек-паук), Тор, агент Романова, Капитан Америка, Кумурска адам (Человек муравей), Кара пантера (Черная пантера), Стивен Стрэнж (Доктор Стрендж), Локи жана башка каармандары менен таанымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×