Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.09.2019 10:49

Ак-Суу райондук өспүрүмдөр мектебинин жетекчиси дайындалды

Алмаз Усупов
Алмаз Усупов

Turmush -  Алмаз Усупов Ак-Суу райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алмаз Усупов буга чейин Ысык-Көл облустук футбол федерациясын жетектеп келген.

Өмүр баяны

Аты-жөнү: Усупов Алмаз Сабырбекович

Туулган жылы: 1979-жыл

Билими

- 1996-2001-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуган;

- 2004-2006-жылдары К.Тыныстанов ЫМУнун дене тарбия факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

- 2002-2014-жылдары — К.Тыныстанов атындагы ЫМУда дене тарбия сабагынан мугалим;

- 2014-2018-жылдары — К.Тыныстанов атындагы ЫМУда дене тарбия кафедрасынын башчысы;

- 2012-жылдан бери Футбол федерациясынын Ысык-Көл облусундагы жетекчиси болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×